“Мен эч качан уурдаган эмесмин, эч качан пара алган эмесмин. Мен мамлекеттен бир чарчы метр жер алган эмесмин, эч нерсени приватташтырган эмесмин” – деди кечээ, 25-декабрда президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев “Азия MIX” командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун “Ким экен” аттуу программасында интервью берип жатып.
“Эгер мен бир нерсени алсам, анда азыр коркот элем. Буга чейинки 3 президенттин каталарын көрдүм, алар мага келечекте ката кетирбөө үчүн жардам берет. Эгер мен элдин ишенимине ээ болсом, 3 президенттин катасын эч качан кайталабайм” – деди ал.
Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев 2003-2005-жылдары Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеген. 2015-2017-жылдары (Атамбаевдин убагында) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ