Бүгүн өткөргөн пресс-конференциясында Өмүрбек Бабанов катталган бардык мыйзам бузууларын жыйнап Борбордук Шайлоо Комиссиясына кайрылаарын билдирди.
” Мыйзам бузуулар көп катталды. Шайлоодо катышып жаткан бардык талапкерге тең шарт түзүлгөн жок. Административдик жактан, укук коргоо органдары тарабынан биздин үгүтчүлөргө куугунтук болду. Элибизге добуш берүүгө кэбир райондордо эркин шарт түзүлгөн жок. Бирок келечекте ачык, айкын шайлоо болооруна ишенем, – деди Бабанов.
Андын тышкары, Өмүрбек Токтогулович Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоо ушундай чон атаандаштыкта өткөндүгүн жана аз да болсо келечек олутту бир кадам болгондугун айта кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ