Menu

Чымкент полициясы журналисттерге күч колдонгон кызматкерлеринин аракетинен мыйзам бузуу тапкан жок

Бөлүшүү:

Чымкент шаардык полиция департаменти тартип сакчылардын журналисттерге толкоолдук кылганы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу «Адил сөз» укук коргоо уюму кабарлады.

4-апрелде Чымкент облусундагы Алтынтоб айылында алтын жасалгаларды өндүрүү боюнча цехтин директорунун камакка алынышына каршы акция өтүп, ондогон киши кармалган. Анда полиция кызматкерлери «31-каналдын» кабарчысынын колуна жаракат келтирип, кол чатырын сындырышкан. Мындан тышкары «Астана» телеканалынын журналистин коркутуп, «Азаттыктын» кабарчысынын телефонун тартып алууга аракет кылышкан.

Эртеси республикалык телеканалдардын кызматкерлери полиция департаментинин алдына топтолуп, журналисттерге басымды токтотууну талап кылышкан. Мекеме башчысы Ергали Журмухамбетов кызматтык текшерүү башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын убадалап, кол алдындагылардын кылыгы үчүн кечирим сураган.

«Адил сөз» уюмунун маалыматына караганда, башкармалык журналисттин денесине зыян келтирилген фактыны аныктап, бирок полиция кызматкерлеринин аракетинен кылмыштын белгилерин тапкан эмес. Буга байланыштуу кылмыш иши токтотулуп, Чымкент шаардык прокуратурасынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Казакстанда буга чейин күч түзүм кызматкерлери журналисттердин ишине тоскоолдук жаратууга аракет кылган учурлар бир топ жолу катталган.

Казакстан «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун рейтингинде «басма сөз эркиндиги оор» өлкөлөрдүн тизмесине кошулган. Өлкө 180 мамлекеттин ичинен 155-орунга жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: