“Президенттин жарлыгы, өкмөттүн токтому бар, ошого ага карабастан, тестирлөөдөн өтпөй калган кадрды кечээ Кадамжайга аким кылып шайладыңар”, – деп билдирди бүгүн, 6-майда депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеңештин жыйынында.
“Өкмөттүн өкүлү, өзүңөр отурбай жатып мыйзамды буздуңар. Кадамжай районунун акими болуп дайындалган бала айыл өкмөтүн да башкара албайт. Эми аны 210 миң калкы бар индустриалдык аймакка аким кылып алып бардыңар. Биз элге айыл өкмөттөрдүн башчыларын, шаарлардын мэрлерин шайлаганга мүмкүнчүлүк бермейин өнүкпөйбүз “, – деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Эсенаманов З.С., Карашев А.А.
Эсиңиздерге сала кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп Кутпидин Шакиров дайындалган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ