Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль Түркияга карата тышкы саясий багыт өзгөрөрүн билдирди. Чечим канцлер Ангела Меркель жана Социал-демократиялык партиянын башчысы Мартин Шульц менен макулдашкандан кийин кабыл алынды.
Габриэлдин айтымында, Германия Анкара курчуткан ар бир жаңы кырдаалга токтоо мамиле жасап келген. Бирок Стамбулдун акыркы аракеттери Берлиндин көңүлүн калтырды.
Германия Түркияга берип келген инвестициялык насыялардын жана экономикалык жардамдардын шарттарын кайра карап чыгат. Мындан тышкары Түркияны ЕБга киргизүүгө даярдоо боюнча Евробиримдик берген каржылык колдоолору кайрадан каралат.
Мындан тышкары Германия ТИМи Түркияга бара турган жарандарына коопсуздук чараларын бекем сактоону сунуштоодо. “Түркия менен мамилени мурдагыдай өнүктүрүү мүмкүн эмес”- деди Габриэль.
Аз мурун Стамбулда Германия жараны Петер Штойдтнер (Peter Steudtner) жана беш укук коргоочу кармалган, түрк бийлиги аларды терроризмди колдоого айыптаган.
Түркия президенти Режеп Эрдогандын маалымат катчысы Ибрагим Калын Германия ТИМинин билдирүүсү ички аудиторияга багытталганын жана өлкөдөгү жакында өтө турган шайлоолорго байланыштуу экенин айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ