Menu

ИМ тобу Тажикстанда туристтерге кол салган тарапташтарынын видеосун жарыялады

Бөлүшүү:

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Тажикстандагы кол салууга жоопкерчилик алып, аны “халифаттын жоокерлери” уюштурганын билдирди. Бул тууралуу экстремисттер менен байланышы бар “Амак” сайты кабарлады.

29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган.

31-июлда “Амак” сайты Тажикстандагы чабуулду ишке ашырды делген беш эркек кишинин алдын ала жаздырылган видеосун жарыялады. Басымдуу бөлүгү орус тилинде жаздырылган бул видеодогу беш адамдын кеминде бирөө өздөрүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин тарапкери экенин айткан.

Видеодогулардын кеминде үчөө тажик бийлиги жарыялаган сүрөттөрдөгү шектүү адамдарга түспөлдөшүп кетет.

Тажикстан Башкы прокуратурасы чет элдик туристтерге жасалган чабуул боюнча кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл орган алты киши кол салганын, алар велосипедчендерди автоунаа менен сүзүп кеткен соң, машинадан түшүп тирүү калгандарга бычак сайып, балта менен чабышканын билдирди.

Буга чейин ИИМ кол салуучулардын төртөө жок кылынып, төртөө кармалганын кабарлаган. Министрлик кандуу окуя артында “Ислам кайра жаралуу партиясы” турат деп эсептейт. Прокуратура дагы кол салуу диний уюмдун активисттеринин бири Кори Носирдин буйругу менен жасалганын айтууда. Божомолдор боюнча чабуулдун максаты – Тажикстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу болгон.

“Ислам кайра жаралуу партиясы” бул айыптоолорду четке кагып, кол салууну айыптай турганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: