Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Мамлекет башчысы жакында Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган Максат, Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушту.
Баткендиктерге жакындарын, үйүн жана соода объектилерин жоготкондорго жардам берүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.
Президент ошондой эле Лейлек районундагы аскер шаарчасынын пайдубалын түптөөгө капсула салды жана «Бужум» аскер полигонунан кабар алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ