Жалал-Абад ШИИБдин жана Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери шар аккан суу бойлоруна, көлмөлөрдүн кооптуу участокторуна эскертүү тактайчаларын орнотуп жатышат. Ошондой эле ата-
энелерге жаш өспүрүмдөрдү алдыда келе жаткан аптаптуу күндөрү ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертишүүдө. Сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаратылыш кырсыктарынан сактануу керектиги жеткирилди.
Мындан сырткары бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жыйындарда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жаратылыш койнунда топтошуп эс алуусуна тыюу салынаары айтылып, эскертүү кагаздары берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ