Ишемби, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинде Катар Мамлекетинде жашаган мекендештердин жана сыйлуу коноктордун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов мекендештерди жана сыйлуу конокторду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары жөнүндө айтып берди.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында концерт жана “Манас” эпосу, ошондой эле улуу манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгы боюнча викториналар, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына байланыштуу конкурстар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата Элчилик жана Мекендештердин кеңешмеси тарабынан иш-чаранын коноктору жана мекендештер үчүн сыйлуу тамак уюштурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ