20-декабрда ушундай окуя болгондугун жергиликтүү тургундар билдирди. Азыр расмий жоопту күтүп жатабыз.
“Өспүрүм бала төшөк оронуп алып, компьютердин алдында олтурган. Ал өзү мүмкүнчүлүгү чектелген бала экен. Кырсык электр чубалгысындагы чытыроодон башталган”, -деп айтышат күбөлөр.
Мындай окуя болгондугун 20-декабрда Кант шаардык ооруканадан тастыкташты, кечээ боз бала күйүктөрү менен түшкөн. Бирок азыр ал Бишкектин №4 ооруканасына которулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ