Адамдардын жоон тобу “Достук” мейманканасынын имаратына кирүүгө аракет кылышууда. Алардын саны 300гө жакын деп болжолдонууда.
Жыйындар залында Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы өткөрүлмөк.
Депутаттардын катарына кабыл алууну талап кылып, бир топ киши имаратка кирип келишкен. Эркектерди сыртка алып чыгышты.
Кийинчерээк мейманканага жоон топ адамдар келишти. Коопсуздук максатында күзөтчүлөр эшиктерин бекитип алышкан.
Учурда буга чейин Спорт Ордосунда болгон митингде жаштар мейманканага бет алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ