Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев: “Жакын арада өкмөттө өзгөрүүлөр болот, өкмөт кызматкерлерди кыскартууга барып, 10 пайызга кыскарат. Кыскартуулардын негизинде көп структураларда өзгөрүүлөр болуп, туризм боюнча өзүнчө агенттик түзүлөт. Анын бюджети 38 миллион сом болот. Каржы министрлиги булакты тапты. Туризмге көңүл бурууга убакыт келди”, – деп айтты. Демек жакынкы убакта өкмөттө өзгөрүүлөр болуп, олуттуу кыскартуулар орун алат. Кимдин шагы сынып, кимдин багы жанат болду экен? Айрым учурда реформага шылтоолоп, каршы пикирдеги адамдарды кызматтан айдап кутулушчу эле. Андай болбойт деп ишенели…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ