Түркмөнстанда белгилүү ырчы Палван Халмурадов мыйзамсыз валюта операцияларын жүргүзүүгө күнөөлөнүп, 7 жылга эркинен ажыратылды.
Палван Халмурадов былтыр күздөн бери эл көзүнө көрүнбөй калган. Деги эле ага бир нече жылдан бери телеберүүлөргө катышууга, өлкө сахналарында концерт коюуга тыюу салынган. Буга ырчынын диний темадагы чыгармаларды аткарып баштаганы себеп болгон.
Бирок Халмурадовго тагылган расмий айыптын чыгармачылыкка тиешеси жок. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары кабарлагандай, аэропортто 70 миң доллар менен бир киши кармалган. Сурак учурунда ал акча Халмурадовго тиешелүү экенин айткан.
Түркмөнстанда 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгууга тыюу салынат.
Белгиленгендей, эгер ырчы диний өңүттө күнөөлөнсө, мындан алда канча көп мөөнөткө соттолмок.
Былтыр октябрда Түркмөнстанда дагы бир белгилүү ырчы Назир Хабибов мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө күнөөлөнүп, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ