Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга 10-июнда расмий сапар менен барат. Бул тууралуу “Азия плюс” агенттиги тажик өкмөтүндөгү өз булактарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, сапар учурунда Мирзиёев Хожентке барат. Аны Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коштоп жүрөт.
Өзбек президентинин расмий сапарынын алкагында 30дан ашуун өкмөттөр аралык келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Мирзиёев бийликке келгенден бери бул эки өлкөнүн ортосундагы президенттердин деңгээлиндеги төртүнчү жолугушуу болуп калат.
Өзбекстандын президенти Мирзиёев биринчи жолу Тажикстанга 2018-жылы 9-мартта барган. Көптөгөн саясий баяндамачылар муну “тарыхый жолугушуу” деп атап, тажик-өзбек мамилесинде жаңы барак ачылганын билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ