“Аскар Акаевдин айткандарына комментарий бергеним туура эмес го. Ал улуу киши”, – деп билдирди бүгүн, 20-майда “Кумтөр” алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында.
“Биз 2009-жылкы келишимди коргогон жокпуз. 2009-жылы бизде кенди кайра өзүбүзгө алып ала турган толук мүмкүнчүлүк бар эле, биз ошол мүмкүнчүлүктөн баш тарттык деп айттык. Ал кишинин айткандарына комментарий бергеним туура эмес го. Ал улуу киши. Ал кишинин айткандарын угуп олтуруп, мен ошол жылдары президент болгондой, чечимдин барын мен кабыл алгандай сезилип жатат”, деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Кумтөр” алтын кени боюнча эң биринчи 2009-жылдагы келишимди түзгөн Акылбек Жапаров жоопко тартылышы керектигин айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ