13-майда Алмата шаарында Борбордук азиядагы аймактык маалыматтык координациоолочу борбордун базасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана АКШнын Юстиция министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кеңсесинин (АКШ ДЕА) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жолугушуунун жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын жана АКШ DEAнын ортосунда өз ара аракеттенүү маселелери, баңги каражаттарды легалдаштыруу, Интернет-ресурстарды жана электрондук төлөм тутумдарын колдонуу менен баңгизаттардын жайылышына каршы аракеттенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен АКШ ДЕАнын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумдун долбоору талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ