Menu

Баткенде “Акыркы коңгуроо” салтанаттары онлайн форматында өтөт

Бөлүшүү:

КРнын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык оперативдүү штабы, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2021-жылдын 25-май күнү, “Акыркы коңгуроо” салтанатын онлайн форматта өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле окуучулар арасында бүтүрүү кечелерин, 10-20-30-40 жылдык юбилейлик мааракелерди чектөөнү  сунуштады. 

Бул боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыкты. Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бүтүрүүчүлөрдүн жана коомчулуктун саламаттыгы үчүн, 25-май “Акыркы коңгуроо” салтанаты, Баткен облусунун аймагында онлайн форматында өткөрүлөт.  

Бул күндөрү коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, окуучулар, бүтүрүүчүлөр арасында тартип бузууларды болтурбоону камсыз кылуу жагы, облустун ички иштер башкармалыгына милдеттендирилди.  

Белгилей кетсек, окуу жылынын аяктаганына байланыштуу, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыккан. Аталган буйрукта, пандемияга байланыштуу, билим берүү уюмдарында, бүтүрүүчүлөргө арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы белгиленген. 

“Бүтүрүүчү – 2021” онлайн иш чарасы, ЭЛТР МТРКсынын “Илим – билим” каналы аркылуу, 2021-жылдын 25 – май күнү, саат 10:00дө  өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: