Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак өткөрдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Мектептин окуучулары үчүн презентация, тематикалык викторина улуттук музыкалык аспаптар көрсөтүлүп, Кыргызстандын жаратылышы боюнча фотостенд уюштурулду.
Ушуну менен бирге, Акабане мектебинин окуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дисциплиналарынын бири болуп саналган «Ордо» кыргыз улуттук оюнунун ыгын жана жоолук таштамай оюнун шамдагайлыгын сынап көрүштү.
Ачык сабак япон окуучуларына Кыргызстандын тарыхын жана салттарын тааныштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ