Мурда маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө чейин М.С. Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон. 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.
М.С. Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.
Ошондой эле, М.С. Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.
19-майдан 9-июнга чейин М.С. Казакпаевдин адвокаттары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, М.С. Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн.
Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу КР УКМК демилгеси менен М.С. Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган.
Саясат таануучу М.С.Казакпаев 10-июнда саат 14:31де Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуудан каза болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети М.С.Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ