Menu

УКМК: Саясат таануучу Марат Казакпаев мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуудан каза болду

Бөлүшүү:

Мурда маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө чейин М.С. Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон. 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

М.С. Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде  2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.

Ошондой эле, М.С. Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.

19-майдан 9-июнга чейин М.С. Казакпаевдин адвокаттары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, М.С. Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу КР УКМК демилгеси менен М.С. Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган.

Саясат таануучу М.С.Казакпаев 10-июнда саат 14:31де Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуудан каза болду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети М.С.Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: