Menu

Жол кире 19 сомго кымбаттайбы?

Бөлүшүү:

Ишен САКАТАЕВ: “АКЫРКЫ 20 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЖОЛКИРЕНИН БААСЫ КӨТӨРҮЛБӨЙТ”

-Азырынча жол киренин баасы көтөрүлбөйт. Бааны көтөрүүгө жана бул ишке кароого өтмөттүн бюджеттик акчасы жок. Ошондуктан, жакында эле Жогорку Кеңештен дагы, шаардык кеңештен дагы бул маселени карап чыгышкан. Акыркы 20 жылга чейин жол киренин баасы көтөрүлбөйт. Учурда бензиндин баасы башка жылдарга салыштырмалуу арзан.

Алмаз КАРЫБАЕВ: “ЖОЛ КИРЕНИН КЫМБАТТАШЫНА ТОЛУГУ МЕНЕН КАРШЫМЫН”

Учурда кыргыз эли кризистен чыга албай жатат. Эгер жол акысын кымбаттата турган болсо кара таман, карапайым эл эле кыйналат. Эл ушул кезге чейин жылаңач баатыр болуп келе жатат. Мен жол киренин кымбатташына толугу менен каршымын. Тапкан айлык акыбыз жол кире менен ичкен-жегенибизден ашпай калып жатпайбы. Кыргызда той-топур, жамандык-жакшылык деген бар. Балдарыбыз үчүн кызылдай акчаны сапырып жогорку окуу жайларга окутуп жатабыз. Ал эми мамлекеттик жумушта иштегендердин айлыгын өзүңүздөр билесиздер.

Мавлюда КАРИМОВА: “ӨКМӨТ КАРАПАЙЫМ ЭЛДИН ЭЛЕ ЧӨНТӨГҮНӨ КОЛУН САЛЫП ЖАТАТ”

-Мен чынында бул маалыматты уга элекмин. Жол кирени эмне максат менен кымбаттатып жатышат?! Элдин капчыгына туура келбейт. Бирок, 19 сомго кымбаттата турган болсо, менде сунуш бар. Жолдорду оңдоп-түзөп, жол тыгындарына көзөмөл салып, маршурттук каттамдар талапка жооп бере турган болсун. Мисалы, азыр маршруттук каттамдардын ичи таза эмес, орундуктар ыңгайсыз. Бирок, түшкөн акчанын баарына жолдордун оңдолушуна көзүм жетпей кетет. Бир эмес үч президент алмашты, жыйынтык жок. Өкмөт карапайым элдин эле чөнтөгүнө колун салып жатат.

Сыргабай ЖУМАГУЛОВ:“БИЗ 0Ш0НД0 ТАМАК ИЧПЕЙ, КИИИМ КИЙБЕЙ ЖАШАЙБЫЗБЫ?!”

– Жол киренин кымбатташына толугу менен каршымын. Азыр биз кымбатчылыктан тажадык. Бул чоңдор элдин тагдырын ойлобойбу?! Тапкан-ташыганыбыз күнүмдүк тамак-аштан артпай жатпайбы. Ошол үчүн жаштардын баары башка мамлекеттерде иштеп жүрүшөт. Бааны көтөрө турган болгондон кийин, айлык-акыны да көтөрүү керек. Мисалы, мамлекеттик жумушта иштеген бирөөнү алсак, айына 5000 сом айлык алат дейли. Беш баласы бир айга 2000 сом жол киреге коротот экен. Ал эми өзүнүкү 500 сом болот дейли. Айлыгынын жарымы эле жол киреге чыгып кетип жатпайбы. Мен 10 сомдон гана эсептегенде ушул сумма келип чыкты. Эми 2 эсеге кымбаттаганда бир айлыгы толук чыгып жатпайбы. Биз ошондо тамак ичпей, кийим кийбей жашайбызбы?!

Казыбек РАЙЫМБАЕВ: “Ч0ҢД0Р БААНЫ КӨТӨРҮҮНҮ ОЙЛОНУУДАН МУРДА, АЙЛЫК-АКЫНЫ ДА БИР КАРАП КОЮШСА”

Пенсионерлер менен студенттер үчүн бул чоң сумма. Аябай эле кымбат болуп калат, мен каршымын. Чоңдор бааны көтөрүүнү ойлонуудан мурда, айлык-акыны да бир карап коюшса. Жолдордун абалын айтпай эле коеюн. Кризистен чыга албай жаткан элге өтө эле кыйын болуп калат. Мисалы, биз күнүнө жол киреге орто эсеп менен 100-150 сом коротобуз. Баа көтөрүлсө кандай болот?!

Алмаз ТЕНТИЕВ: “БУЛ АКЧАЛАР АЙДООЧУЛАРДЫН КАПЧЫГЫНА ЭЛЕ ТҮШӨТ

-10 сомдон бир эле убакта 19 сомго көтөрүп салуу оңой эмес. Жолдор оңолот дегенге кошулбайм. Бул акчалар айдоочулардын капчыгына эле түшөт. Себеби, жол салык кызматынын мойнундагы иш. Эгер жолдорду оңдой турган болсо, биринчи жол салык кызматынын салыгын көбөйтүү керек. “Силер кымбаттатып жатасыңар” – деп доомат коюуга негиз жок болуп жатпайбы. Себептер бар, шылтоолор көп болуп жатат. Бирок, мен жол киренин көтөрүлүшүнө 100% каршымын.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: