Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күнгө карата Боршайкомдун расмий маалыматына караганда, талапкер болуп катталууга арыз бергендердин саны 16га жетти. Алардын экөөнү, “Ак Шумкардын” жетекчиси Темир Сариев менен “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаевди партиясы көрсөттү. Калганы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Алар: пенсионер Замира Муратбекова, убактылуу жумушсуз Санжарбек Энназаров, «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин 1995-жылдагы чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев,”Лига-антикризис” борборунун төрагасы НазарбекНышанов,“Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ