Menu

Бизнесмен Журат Абдуллаев бюджетке 800 млн сомдон ашык акча төлөп эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бирине – Ж.А. карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда Ж.А. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Ж.А. демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Ж.А. карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна андан ары кароо үчүн өткөрүлүп берилди.

2022-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 000 сом айыппул төлөө каралды.

Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында Ж.А. келип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашык акча каражаттар, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган.

Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 млн. сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: