20-сентябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Селекционный айылынын тургуну ажырашып кеткен аялына келип, зомбулук көрсөтүп, балдарынын көзүнчө сабап, бир нече жерин бычактап, акырында аялынын кулагы менен мурдун кесип салган. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешиндеги жыйында бир нече депутат айтып чыкты.
Бул эргул буга чейин да бир нече жолу ажырашкан аялына келип, зордуктап зомбулук көрсөтүп кетип турган.
Аялынын жазган арызына милиция менен сот органдары кош көңүл мамиле кылышкан. Милиция экөөсүн жараштырып, кармалган күйөөсүн коюп жиберсе, сот пробацияга чыгарып жиберип турган экен.
Азыр аял оор абалда ооруканада жатса, мурунку күйөөсү камакта жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ