Кыргыз өкмөтү айыл чарбаны өнүктүрүүгө насыя берүү шартын жеңилдетет.
Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү талкууланган Жогорку Кеңештеги жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү уланууда. Быйыл жыл башынан бери 10 пайыз үстөгү бар насыялардан кутулуунун мөөнөтү 2 жылдан 3 жылга узартылды. Ошону менен бирге Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 12 пайыз үстөктө жеңилдетилген насыялар бөлүнөт. 2016-жылы жалпы насыялардын суммасы 12 миллиард сомго жетет. 100 миң сомго чейинки кредиттер күрөөсүз берилет.
Өткөн жылы 9 миң 980 субъекти 3,8 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя алган. 2011-жылдан бери 13 миллиард сом акча жеңилдетилген шартта 51 миңден ашык дыйканга таратылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ