Кечээ, 15-февралда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндө диний абал талкууланды. Аталган жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Улукбек Кадыров, райондун баш имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков, мечит имамдары, мектеп директорлору жана жергиликтүү укук коргоо органдары катышышты.
Жыйындын күн тартибинде үч маселе каралып, учурдун глобалдуу маселесине айланган ар түрдүү терс агымдардын алдын алуу, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, мектеп окуучуларынын сабак учурунда интернет оюндарына кетип калуусун көзөмөлгө алуу маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө облус казысы Самидин кары “Ислам” – деген сөздүн маанисине токтолуп: “Ислам” – бул тынчтык деген маанини берет, ошондуктан Исламда адеп-ахлак, үй-бүлө куруу, коомдун бардык катмары менен болгон мамиледе тынчтык өкүм сүрүш керек. Эгер бир үй-бүлөдө тынчтык болбосо коомдун да тынчтыгы бузулушуна себепчи болот” деп түшүндүрдү. Андыктан, мугалимдер мектеп окуучуларына тарбия берүүдө Исламдын баалуулуктарына көңүл буруусу зарыл экендигин кошумчалады. Ал эми мектеп мугалимдери сабак маалында окуучуларды автоматтык оюндарга азгырып жаткан интернет клубдарды укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алуусун суранышты.
Эскерте кетсек, мындай кошмо жыйындар айыл өкмөттө айына бир жолу өткөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ