Ошто 25-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана даават бөлүмүнүн адиси Абдуллаев Жолдошбек Ош облустук казыятында атайын иш-сапарда болуп, түштүк аймагындагы мечит имамдары үчүн Намаз календары китептерин жана диний окуу жайлар үчүн атайын плакаттарды облус казыларына тапшырышты.
Иш чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Жалал-Абад облусунун казысынын орун басары Оморбеков Ордобек ажы, Ош шаарынын казысынын орун басары Ташхуджаев Аносхан ажы жана казыят кызматкерлери катышышты.
Намаз календарынын китеби Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Аалымдар Кеӊеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан 1 жылга ылайыкташтырылып түзүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарынын убакыттары эске алынган. Равшан ажы Эратов намаз календарларынын негизинде бардык мечиттерде көрсөтүлгөн убакытта азан айтылуусуна өзгөчө көӊүл буруну эскертти. Мындан сырткары диний окуу жайлар үчүн даярдалган плакаттарда тытынчтыктын символун чагылдырган аят, хадистер камтылгандыгын билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн күндүн экинчи жарымында Оштогу «Мухсин-Нур» Көзү азиздер коомунун мүчөлөрүнө Брайль тамгасы менен жазылган улуу Куран китебин тапшырышмакчы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ