Кулматовдун иштери улантылат
Албек Ибраимов өзүнүн программасында негизги делген 6 маселени карады. Анда шаардын тазалыгы, жол, Бишкектин архитектурасы,коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелер тизмеленген. Бирок, эң башкысы экс-мэр Кубанычбек Кулматов баштаган иштерди улантып, жаңы импульс берерин убадалады. Ошондой эле баардык жоопкерчиликти мойнуна ала турганын айтты.
Мэр жаңы технологиянын курмандыгы болгонун айтты
Бирок, журналисттерди Ибраимовдун мэрлик кызматка чейинки иштери кызыктырды. Буга чейин «Манас» аэропортун жетектеп турганда жардамчыларына чоң көлөмдөгү каражатты бергени боюнча чыр чыккан. Андан тышкары «Дастан» ишканасынан шайлоо үчүн акча которгондугу айтылып келген. Бирок, бул иштерди калаа башчысы мыйзам бузуу катары санабайт. «Качан прокуратура иш козгоп, сот караган болсо, айтмакмын», – дейт.
19-февралда жалгыз талапкер болуп, Ибраимов тил боюнча комиссиядан өткөн. Анда орфографиялык 11 ката кетиргени бар. Мындай жаңылуусунун себебин, текстти автоматтык түрдө оңдогон «Т9» программасына шылтоолоду. Анткени жаңы мэр кагаз менен калемди Т9 менен алмаштырганына көп болду. Жыйынтыгында компьютердик технологиянын курмандыгы болгонун мойнуна алды.
Андан тышкары кезексиз жыйынында КСДП, “Республика” жана “Замандаш” партияларынын тизмесинен келген үч депутат Марианна Шермур, Русланбек Жакышев жана Билимкан Абдырасуловага мандат тапшырылды.
Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүн үй-бүлөлүк шартка байланыштуу экенин айткан болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ