Menu

Бийликке кайрылуу: “Сөзсүз элдер селге агып каза болушу керекпи?”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариевге Кыргыз Республикасынын Прокурору И.Жолдубаевага

Ош  облусунун Кара-Суу районунун Жаны-Арык айыл аймагынын Ак-Терек деген айылы аркылуу «Отуз-Адыр» каналы өтөт. Канал райондун негизги  суу артериясы  болгондуктан, ал жерге эч ким курулуш курган эмес. Болгону, каналдын суу коргоо зоонасын  өздөштүрүп, эгин-тегин эгип келишкен. Азыр ал жер кадимки эле суулу айдоо жерге айланган.

Матраимов Мурадыл Жаны-Арык айыл өкмөтүнө жетекчи болуп келгенден баштап, ал жерлерди пайдаланууга «Ыңгайсыз», ал  эми үй салууга ыңгайлуу деп таап, райондук архитектура башкармалыгы менен биригип алып, 153 чек чыгарып, жерлерди сатуунун аракетин кылууда.

Каналдын суу коргоо зонасын  өздөштүрүп  дыйканчылык кылган жарандар  ага  кирип, ошол жерлерге бак отургузалы,  жамандык болуп кетсе бакка көрүнсүн деп сунуш кылсак болбоду. Ал жерге үй салдырууга «Ынтызар» экенин билдирди.

КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы  Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондор аралык башкармалыгы «Отуз-Адыр» каналанын  алдынан үй салууга даярдалып жаткан  «8,6 га жер тилкесинин ичинде улуштук жер жана суулу айдоо жер тилкеси болгондугуна байланыштуу менчик турак жай куруу үчүн  жер тилкесин берүүгө мүмкүн эмес» деп чыгып № 233а2 16.04.2015-жылкы корутундусун берген.

Таң калыштуусу, Кыргыз Республикасында суулу жерге үй салууга койгон мариториясына карабай, М.Матраимовдун  КРнын Өкмөтүнөн уруксаат алып  келгендиги болууда. Эмне Кыргыз Өкмөтүнүн Токтому, мыйзамы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө тиешеси жокпу?

Ал жерге үй салууга такыр мүмкүн эмес. «Отуз-Адыр» каналы тик адырдын алдында жайгашып, 40 тан ашык жерден сел агып, каналга түшүп турат. Ошонун натыйжасында 1970-77 –жылдары  каналды эки жолу сел каптап, эки жолу жарылып, эки короо кой короону алып кеткен, үйлөр көчүрүлгөн. Эч ким кепилдик бере албайт, эки жолу жарылган канал, үчүнчү жолу жарылбайт деп. Себеби ушул күнгө чейин каналды селден сактап калуучу дамба курулган эмес, аны курууга мүмкүн да эмес жана жээктери  бетондолуп бышыкталган жок.

Ал эми ӨКМ дин Кара-Суу райондук бөлүм башчысы Осмонов Сүйүнтбекке 09.06.2015-жылы Ак-Терек айылынан өткөн  Отуз-Адыр каналынын кооптуу деген жерлерине мониторинг жүргүзүп, корутунду  чыгарып берин деп, сел түшкөн жерлердин сүрөтүн кошуп берген катыбыздын жообун  ушул күнгө чейин бербей келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 7-июль 1995-жылдагы 271-номерлүү Токтомуна ылайык «Магистралдык жана чарбалык аралык каналдардын суу коргоо зоналарынын кендиги каналдардын суу  сыйымдуулугуна жараша 5 тен – 10 куб.мсек – 50м., 10 дон 20 куб.мсек – 75 м, 20 куб м-сек ашык болсо – 100 м болот» деген пункту бар.

Ал эми Ак-Терек айылы аркылуу  өткөн  «Отуз-Адыр» каналына 20-24 куб.мсек.да көп суу жүктөлөт, башкача айтканда каналдын суу коргоо зонасы 100 метрден кем эмес болуш керек .

М.Матраимов Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө келгенге чейин КРнын Өкмөтүнө токтомундагы  корсөтүлгөн  суу коргоо зоонасынын нормасы  сакталып эле келген.

Ал эми Ош бассейин суу чарба башкармалыгы Жаңы-Арык айыл аймагынан өткөн «Отуз-Адыр» каналынын суу коргоо тилкеси 50 (элүү) метрден эки жак жээгине бекитилген, андан ары жагына башкармалыктын тиешеси жок деп, М.Матраимовго суу коргоо тилкесине үй салууга шарт түзүп жаткандыгы, Р.А. Абибиллаевдин «Отуз-Адыр» каналынын кайсыл участкада канча суу сыя тургандыгын билбегендиги абдан өкүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун эмне себептен бурмалап жатышат? Себеби бирөө гана ал  жерди  кеминде 2000-3000 доллардан сатып 20-30 млн  сом пайда табуу. Бул  уюшулган коррупция эмеспи.

М. Матраимов Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн «ханы»  эле болуп алды. Ал өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, айылдык  кенештин  чечими жок эле 1980-жылдары  Ак-Терек айылынан  атайын жаштар үчүн социалдык объектер курулат деп, генпланга отургузулган  3 га жерди чек кылып,  ар бир чекти 60 минден  300000 сомго чейин айыл башчы Алиев Сатар аркылуу сатып жиберди. Анысы аз келгенсип, айылдын жаштары өз күчтөрү менен жасап алган футбольный площадканы бузуп, үстүнө «тоокканадай» мектеп салып жатат.Мектеп бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. ХХ1 кылымда жашап жатсак да, райондо бир  гана Жаңы-Арык өкмөтүндө маданий эс алуу борбору, спортзал, спортплощадка , мончо деген жок. Таң калыштуусу М. Матраимовго чейин А.Усеков, М. Камалова, А. Халибеков, Э. Сулайманов, М. Арыков, К. Абдуллаева жетекчи болуп иштешти. Бирок бирөөсү дагы  соц.объекттин жерине тийген эмес. Ал эми М.Матраимов айыл өкмөттүн жерлерин сатуудан баштады. Ал жигит мыйзам алдында жооп бербестигине (безнаказанность) өтө ишенет. Жер  саткандан башка бул жигиттин иши жоктой.

«Отуз-Адыр» каналына 1950-1952-жылдары  суу  берилген экен, андан бери 66 жыл өтүптүр. Бир да жетекчи Ак-Терек айылынан өткөн каналдын астына  үй салдырган эмес, суу коргоо зоона, кооптуу деп. Ал эми М.Матраимов ал жер «кооптуу  эместигин аныктап», чек  кылып, сатуунун алдында турат. Практика көрсөткөндөй ал  жигит бир да чекти бекер бербейт. Бул коррупция да. Ал эми элдин  өмүрүн тобокелге салуу – террористтик аракет  эмеспи. «Башка чапкан сайын  көз чыга бербейт да», эл унчукпайт экен деп эле  оюна  келгенин кыла бериши керекпи? Туура, элге  чек керек, бирок  коопсуз жерден  чек бериш керек. Андай коопсуз жерлер Ак-Теректе жетиштүү.

«Отуз-Адыр» каналы стратегиялык маанидеги канал. Ал эртели-кечпи сөзсүз кеңейтилиши мүмкүн. Жаңы-Арык  айылында  «Отуз-Адыр» каналы өткөн  туннель бар, анын сыйымдуулугу 17 куб. мсек ашпайт. Ал туннелди кеңейтүү  боюнча  илгертен райондун, областын жетекчилери аракет кылып келишүүдө. Бул  маселе чечилип  кала турган кун бардыр., «Отуз-Адыр» каналы кеңейтилээр. Анан азыркы үй салган адамдарды дагы көчүрүш керек. Бир жамандык болуп кетсе элдин шору болотко?

М.Матраимовдун мыйзамсыз  иштерине тийиштуу баа бересиздер деген ойдобуз. Эгерде, КРнын  Өкмөтүнүн Токтомуна баш ийбей элге чек бере турган болсо, анда биз өзүбүз өкмөттүн   токтомун  коргойбуз деген жаштар, инсандар бар.

Дыйкандардын атынан Шамшиев Немат, Ош облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: