Кара-Суу районунда “Хизб-ут- Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө делинген аялдар бир үйгө топ- толуп, жыйын куруп жатышкандыгы аныкталган. Ошондуктан, укук коргоо органынын кызматкерлери буларды жеринде кармашты. Бул жөнүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев кабарлады.
-Милиция бул жыйын өтүп жаткан үйдү тинтип, тыюу салынган диний адабияттарды табышты. Аларга дароо теологиялык экспертиза дайындалды. Ал эми кармалган он алты аял алгачкы сурактан кийин гана үйлөрүнө кое берилди. Ушул тапта бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат, – деп кошумчалады. Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.
Баса, Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдарга мүчө 1800дей адам диний экстремист сыңары эбак эле каттоого алынган. “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын идеясын жайылтып жүргөндөр жалпы каттоого алынгандардын 81 пайызын гана түзөт. Булардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жашоочулары болуп саналышат. Соңку жылдарда Нарын жана Ысык-Көлдө дагы хизбут-тахрирчилер ашкере активдеше башташты.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ