Menu

Ак үйдүн оппоненттери бир муштумга түйүлө элек

Бөлүшүү:

Жөнөкөй гана логика. Курманбек Бакиев доорундагы бийликке каршы чыккандар менен бүгүнкү каршылашууну көрсөткөндөрдүн  айырмасы эмнеде? Албетте, өткөн чак менен учур чакты салыштырып, андан тыянак чыгаруу маанилүү. Кемебиз Кыргызстан кайда сүзүп баратат? Ичиндегилердин «чыр-чатагына» назар салып көрөлүк. Объективдүү маанайдан анализдөө зарыл.
Жалпы жонунан оппозициячы күчтөр бириккени менен ич-ара бөлүнүп-жарылуулар катуу жүрүүдө. Мисалы, Адахан Мадумаровго каршы топтор, Камчыбек Ташиевди жеригендер, Азимбек Бекназаровду жактырбагандар… Кыязы, кырчылдашуу жагы дагы уланчудай.
Ошол эле учурда Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуев бий­ликке каршы баардык күчтөрдү бириктирууге аракет кылышууда. Эң оболу, ынтымак болмоюн, ийгиликке жетишуу жагын билдиришүүдө. Азырынча кандай майнап чыга турганы белгисиз. Ал эми радикалдар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов Ак үйдөгү саясатты түп тамырынан алмаштырууга белсенишип, эл кыдырышып, башкы лидерлер катары өздөрү чыгышарын жар салышпаса дагы байкатууда.
Батышчыл Равшан Жээнбеков  көбүнчө интернет аркылуу акциясын жасап келет. Жаштардан болсо, Адиль Турдукулов алдыга озуп, өз позициясына бекем туруу менен митингдерге активдүү аралашуу жагына өттү. Кыскасы, азырынча оппозициялык кучтөр  бир муштумдай түйүлө элек…
Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелине чейин БЭКтеги ли­дерлер Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы өтө ынтымакта саясый иштерди аркалап келишкен (Темир Сариев менен Болот Шерди эске албаганда). Канчалаган коркутуу, каралоо, өкүм зордук жоруктарга бирге турушуп, айыгышкан күрөш менен жеңишке жетишкен. Ооба, агезде тепкилеп кетүү, бычактап салуу, камоо, өлтүрүп таштоо сыяктуу жоруктар оңой эле ишке ашчу. Көрсө, ошо кездеги Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев башында турган оппо­зиция бирдиктүү, чыдамкай, кайраттуу сапатгары бар учун азап-тозокторго туруштук беришиптир.
Ооба, кийин алар бийликке жетишкенде Убактылуу өкмөт түзүлүп,  ошондон соң ырктары кеткен. Өлкөдө абал оор болуп, балдар өлүп, контрреволюциянын коркунучу муунтуп турган чакта «папке» талашуу жана банк уячасындагы акчаларды «соодалоо» менен элге аябагандай шектуу көрүнүшкөн эле. Эми бул жагын билесиңер. Кайталаганда не? Мансап, байлык талашуу адамдардын аң- сезимин өзгөртөт тура…
Ал эми азыркы оппозиция «өлө  элек аюунун терисин талашкандай» образ жаратышып, эмитен эле бири-бирине кыр көрсөтүшүудө.  Ич-ара би­ри-бирине итиркейлери  келишүудө. Бул чындык! Кокус булар бийликке жетип калышса, бири-бири менен атышып, аягы кайгылуу окуялар менен бутпейбу? Кудай сактасын!
 
Тайлак Назымов
Булак: «АЗИЯnews»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: