Menu

Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы: “Эч кандай саясат, митинги жок эле сот процесси менен алектенип жүрөм, айрым журналисттер ойдон чыгарылган калпын токтотсо болот эле…”

Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков тууралуу байма-бай бийликчил басылмаларда ар кандай маалыматтар жарыяланып турат. Кечээ эле айрым ММКларда “Ахматбек Келдибеков оппозициянын Ошто өтө турган курултайына кол кабыш кылып, а түгүл уюштуруунун башында турат экен”,- дегендей маалыматтар чыгып кетти.
Мына ушул маселелер боюнча биз Келдибековдун өзүнө кайрылып, суроо узаттык.
– Ахматбек Келдибекович, учурда эмне менен алексиз?
– Мына жалпысынан 2 жарым жылдан бери 67 сот процесси болуп өттү. Ушул убакыттан бери эртели-кеч сот процесси менен гана алекмин. 2 жарым жылдан бери эле мага коюлган айыптар боюнча өзүмдүн актыгымды далилдейм деп күрөшүп жүрөм.
– Бир катар маалымат сайттары Сизди Оппозициянын 24-мартта Ошто болчу курултайынын башында тургандардын бири деп жазып жатышат. Бул чындыкка коошобу?
– Эми мындай да. Мына мен 2,5 жылдан бери мага козголгон кылмыш иши боюнча алектенип жүрөм. Ал боюнча ошол ММКлар жазгылары келбейт. Эки жылдан ашык убакыттан бери айрым ММКлар каалаганын жазып, мени каралап келе жатышат. Алардын артында ким турат, ким заказ берип жатат, аны да билем. Кудай буюрса сотко 3 иск бердим. Өзүнүн ирети менен каралып жатат. Негизи мен мурда журналисттер менен соттошкон эмесмин. Андай оюм да, максатым да жок болучу. Бирок карап отурсам бара-бара ушундай маанидеги ушактарды таратканды айрым ММКлар өнөкөт кылып алышты. Тилекке каршы, тартип болушу үчүн, ушак жазбашы үчүн ушундай ыкмага барууга аргасыз болуп жатам. Муну мезгил өзү тастыктап жатат. Эптеп эле бирдемени оюнан чыгарып жазып койсо, ага карата жоопкерчилик каралбаса, бирөөнү каралап коюп, ал кишинин моралдык абалын ойлобосо, үй-бүлөсү, туугандары кантип жатат деп ойлошпосо, анда мунун арты жакшылыкка алып келбейт. Ошондуктан ар бир адам жазганда чындыкты жазып, фактыга таянып, ошону менен бирге жоопкерчиликти сезе билиши керек. Демократия деп каалаганын жазып жатышат. Макул, жазсын, мен журналисттердин калемин, кесибин сыйлайм. Бирок чындыкты жазыш керек да.
Мына, мисалы 24-март боюнча ар ким оюна келгенин жазып жатат. Ал жерде уюштуруучулары ким болуп жатат, эмне маселе коюп жатат, аларды мен билбейт экенмин. Себеп дегенде сот чечим чыгарып, мени кандайдыр бир саясий иш-чараларга катышууга, кандайдыр бир корреспонденцияларды жасоого, саясатчылар менен сүйлөшүүгө жана башка ушул сыяктуу нерселерге тыюу салган. Мен ошол соттун чечимин сыйлап, азыр тек гана сот иштери менен алек болуп жүрөм.
Ал эми 2 жарым жылдан бери мени каралап келе жаткан ММКлардын журналисттери бир да жолу сотко келип, сот процесси кандай болуп жатат, эмне кеп-сөз айтылып жатат бир да жолу кызыгып коюшкан жок. Ошол эле Фабула, Политклиника гезиттери, Фокус деген сайттын бир да журналисти сот процессиндеги чындыкты чагылдыргылары келишпейт. Булар тек гана жылуу кабинеттерде отуруп алып ушак жазат. Мисалы Фокус сайтын мен изилдеп көрдүм, эч бир жерде юридикалык дареги жок экен. Бир гана дарекке катталыптыр, анысы да чет өлкөдө экен. Эми муну тартипке салыш керек. Ар бир адам айткан сөзү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.
1020050834Мына, өзүңөр деле көрүп жатасыңар, сот процессине катышып жатасыңар, мен сотко атайы бирөөлөрдү чакырбайм. Каалагандар өздөрү келип катышып жатышат. Өзүнүн жүрөгү менен каалап, колдоп катышып жатышат. Ал эми мени каралап, жалган маалыматтарды тараткан КТРК, 5-канал сыяктуу ММКларды мен атайы “өзүңөр каралагансыңар, эми келип сот процессиндеги чындыкты чагылдырып бергиле” деп чакыргам. Тилекке каршы алар да келишкен жок. Кандай болгон күндө да эптеп эле каралап, бирөөнүн заказын аткарып, башка адамдын тагдыры менен ойногонду токтотуш керек да.
Албетте, мен жалпы журналисттерге акаарат келтиргим келбейт. Бирок кечээ эле 10-классты бүтүп, бир жерден 2 жылдык билим алып келип алып акыл үйрөтүп элдин башын оорутпаш керек да. Бул турмуштун мыйзамы ошондой, эгерде сен кимдир бирөөгө кыянатчылык жасасаң, анда Аллах Таала аны өзүңө кайсы бир күнү кайтарып, ал нерсе өз башыңа келип калышы мүмкүн. Мен кандай болгон күндө дагы ошол адамдардын ички дүйнөсүнүн оңолушун каалайт элем.
– Сот адилет чечим чыгараарына ишенесизби?
– Мына сен өзүң деле соттук териштирүүлөргө катышып жатасың. Сот биздин өтүнүчтөрүбүздү дээрлик мыйзам чегинде карап, адилеттүү эле алып барып жатат. Ошондуктан мен сот биздин келтирген жүйөөлөрдү, фактыларды эске алып, адилет чечим чыгараарына ишенем.
Булак: iskra.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: