Menu

Видео – Кубан Мамбеталиев, профессор: “Уран казууга мораторийди 50 жыл эмес, 1000 жылга киргизиш керек”

Бөлүшүү:

“2006-жылы мен Америкага барганда уран боюнча адис Ричард Лугар деген менен жолуккан элем, ал азыр 90 жашка жакындап калды. Ал 1991-жылы Союз тараганда өзөктүк куралды чектөө программасы аркылуу Россияга, Украинага, анан Казакстан менен Кыргызстанга келген экен”, – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде профессор Кубан Мамбеталиев.
“Кийин ал кишиден АКШнын Кыргызстандагы элчиси аркылуу кат алгам, ошондон билем, АКШ Кажы-Сайдагы уран калдыктарын сактоочу жайга жарым миллион доллар, Майлы-Сууга 20 млн доллар беришкен экен. Мындай калдыктарды сактоочу жайлар Кыргызстанда 25 жерде бар. АКШнын жардамы менен алардын 35%ын рекультивация кылып, ал эми 65% калып калган. Бул боюнча Россия жардам бериши керек эле, анткени уран АКШ үчүн эмес, СССР үчүн өндүрүлгөн. Ал эми Россия СССРдин мураскери катары расмий таанылган. Бирок Россия жардам бере албай келатат. Кыргызстанда уран өндүрүү 1950-жылдарда эмес, 1946-жылы башталган. 1945-жылы экинчи дүйнөлүк согушта Нагасаки менен Хиросимага атом бомбасы ташталгандан кийин Сталин СССРде Атом өнөр жайы министрлигин түзгөн. Ал кезде уран СССРде Украина менен Кыргызстанда эле болгон. Украина согушта талкаланып, ал жерде өнөр жай ишканаларын тез куруп иштетүү мүмкүн эмес эле. Ошондуктан уран өндүрүү Кыргызстанда башталган. СССРдин биринчи атом бомбасы Кыргызстандын уранынан жасалган. Кыргыздын ураны ал кездеги өзөктүк куралдын ээсин дүйнөнүн башка жерлерин Нагасаки менен Хиросимадай бомбалоодон токтоткон. Эгерде кыргыздын ураны менен СССР тездиктен атом бомбасын түзүп чыкпаганда АКШны ооздуктоо кыйын болот болчу. Кийин 1967-жылы Кыргызстанда уран өндүрүү токтотулду. Анткени ал кезде Украина бутуна туруп калган. Казакстанда уран табылган. Ал эми бизде 25тей уран калдыктарды сактоочу жай калып, алар бүгүнкүгө чейин көйгөй бойдон калууда”, – деди Мамбеталиев.
“Бүгүн бирөөлөр “Кыргызстанда уран өндүрүүнү Турдакун Усубалиев токоткон” деп айта башташты. Бул карандай калп. 1967-жылы СССР Атом өнөр жай министрлиги Усубалиев менен сүйлөшпөйт болчу. Анткени бул тема мамлекеттик жашыруун сыр эле. КПССтин Саясый Бюросунда гана жашыруун чечилчү, ал эми Усубалиев Саясый Бюронун мүчөсү тургай, ага кандидат да эмес болчу. Андан сурап да коюшмак эмес. СССРдин Атом өнөр жай министрлиги СССРдин каалаган жерине ишкана ачып, аны “почтовый яшик” деп атап, Москванын камсыздоосуна алып, ал ишкана Кыргызстанга эмес, түздөн-түз Москвага баш ийчү”, – деди профессор.
“Кыргызстанда уран өндүрүүгө мораторийди 50 жылга эмес, 1000 жылга киргизиш керек. Анткени биз уран өндүргөнүбүз менен аны дүйнөлүк рынокто саталбайбыз. Аны өзөктүк куралдуу өлкөлөрдүн клубу гана чече алат. Биз ал клубга мүчө эмеспиз. Анын үстүнө буга чейин уран өндүрүлгөн жерлерибиздин көйгөйүн чече албай келатып, дагы бир көйгөй кошкондон башка пайдасын көрбөйбүз. Пайдасын ошол казган чет өлкөлүктөр көрөт да көйгөйүн бизге таштап кетет. Акыркы 25 жылда казган кен-байлыктарыбыздын кайсынысына байып-маарып кеттик?”, – деди профессор Кубан Мамбеталиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: