Menu

Келме кезекпи?: Кокуй, былгытмалар чубала баштады

Бөлүшүү:

Акыйкатына келсек Кыргызстанда жүз берген бийлик алмашууларбы, же төңкөрүштөрбү бирөөлөрдүн көз жашын көлдөттүрсө, айрымдарды көз ачып жумгуча байбачага айлантты. Чын эле мурда бопоросту бирөөлөрдөн сурап чегип жүргөндөр заматта “крутой” болуп чыга келди. “Ата Мекен” партиясынын баш жагында тургандар боюнча да узун сабак жомоктор токулганы жөн жерден эместир? Ошолордун бири гана-Райкан Төлөгөновду жазага тартып, камап жиберишти. Калгандары дале болсо качан суракка чакырар экен деп санаага батып жүргөн кези.

Дагы бир ысыгы тарай элек “жаңылык” коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Сегиз жыл мурда 6-апрелде Молдомуса Конгантиевдин Таласта көгала болуп сабалганын унута элекпиз да? Мына ошол окуяны кыраатына келтирип “Кыргыз тудей” сайты жазып, окурмандарына узатты. Көрсө генералдын “башы” 150 миң долларга бааланыптыр. Капитан чини менен Ички Иштер министри болгон Болот Шерге жабырлануучунун акеси Камбаралы Конгантиев алдына барып суранган экен бир тууганымды колубузга аман-эсен салып бергиле деп. Кунун төлөө үчүн батирин күрөөгө коюп Өмүрбек Бабановдун банкынан ошол көлөмдөгү каражатты алышкан турбайбы. Кийин эптеп кутулушуптур карызынан. 2010-жылдагы шайлоодо булар убада боюнча Өмүрбек Бабановго иштеп бергени да ачыкка чыкты.

Азыркы абал Конгантиевдердин пайдасына иштейби деген маселе жаралды. Анткени былтыр Молдомуса азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жанында жүрүп колдоого алганы журтчулукка белгилүү болду. Демек, Бокеңин кыймылдачу мезгили келдиби? Компенсациясын эми эселеп төлөп береби деген суроо туулдубу? Аны убакыт көрсөтөт дечи, бирок, Өмүрбек Текебаевдин жардамы керек учурда тийбегени да Шерлерди өкүндүрүп жатканы калп эместир? Айтор, келме кезек деген накыл кеп бекер жерден айтылбаса керек? Негизи Шер-Нияздарда кыймылсыз мүлктөр, гектарлаган жерлер, акча алмаштыруучу жайлар толтура. Шүгүр деп эле жашаса болот. Алмайдын бермейи болбосо турмуш кызыксыз болуп калбайбы десең…

Баса, ошол коогалаңдуу окуяга дагы бир тың чыкма Акылбек Жапаров туш болгон. Бирок, сымаптай кылтылдаган жигит денесине зыян келбестен кутулуп кеткен. Ошол окуя боюнча Акылбек мырза өзү деле “куткаруучуларды” ыраазы кылганын айтып берген. Антсе да канча каражат бергенин ачыктаган эмес. Анын башынын амандыгы болгону 200 миң долларга баалангандыгы да сайтта айтылыптыр. Ал акчаны Болот Шердин сакчысы Нияз деген жигит алып кетиптир. Анан акчаны тең бөлүшө албагандыктан нааразы болуп бир топ жан-жөөкөрлөр таарынып кетип калышкан экен. Ошол окуяга катышкан Ниязды чакырып суракка алышып, эки силккенде эле баарын жебиреп айтып береби? Же эмгиче аны “профилактикадан” шерлер өткөрүп коюшту бекен? Эмнеси болсо да илгерки шөөкөттөлгөн окуялардын былыктары чубалжый баштады, эмне болуп бүтөр экен?

Булак: “Ачык сөз”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: