Menu

Феликс Кулов: “Ар-Намыс” партиясынын ичинде праймеризди – партия ичиндеги шайлоону 15-августка чейин өткөрөбүз

Бөлүшүү:

2020-жылдын 04-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалды. Алдыдагы шайлоо кампаниясы жана шайлоо процессинин өзү абдан оор шартта өтөрү белгилүү. Коронавирус пандемиясы биздин өлкөнүн жарандарынын жашоо-турмушуна жана ден соолугуна өтө терс таасирин тийгизди жана калктын экономикалык абалынын кескин начарлоосуна алып келди. Элдин Өкмөткө, бийликтеги аткаминерлерге, саясий партияларга карата болгон нааразычылыгы күчөдү. Ал гана эмес бул шартта шайлоону такыр өткөрбөй коюу, же болбосо партиялык тизме системасынан баш тартып,  мажоритардык принцип боюнча өткөрүү сунуштары да айтылууда. Бирок, бул сыяктуу чакырыктар өлкөнүн Конституциясына каршы келет. Ошондуктан, Жогорку Кеңешке болгон шайлоо мыйзамда каралган мөөнөттө, ошондой эле партиялык тизме боюнча өтүшү абзел. “Ар-Намыс” партиясы аладыдагы шайлоого катыша тургандыгын белгилеп кетем жана өзүмдүн тарапташтарым үчүн жана алардын өтүнүчтөрү боюнча, партиянын жетекчиси катарында, мен айрым маселелер боюнча түшүндүрмө берүүнү чечтим.

Айрымдардын ою боюнча партия лидери катары менин эки чоң кемчилигим бар. Бул менин жаш курагым жана акыркы беш жылды эске албаганда, саясатта көп жылдар бою жүргөндүгүм өңдөнөт.

Бирок ошону менен катар аталган кемчиликтердин оң тарабы бар деп ойлойм.

Биринчиден, жаш курагыма байланыштуу мен эч кандай кызмат орундарына талапкер болбойм.

Экинчиден, мен үчүн эң башкы милдет – өз билимимди жана тажрыйбамды башка жаш муундарга берүү, анткени, мен алардын улуу муун кетирген каталардан сабак алып, биздин тажрыбаны эске алуу менен иш алып барышын каалайт элем. Тажрыйба отставкага кетпеши керек деген туура айтылган сөз бар эмеспи.

Идеологиялык жактан “Ар-Намыс” партиясы прогрессивдүү – консервативдүү партия болуп эсептелет. Биз салттуу баалуулуктарды сактоо менен бирге жаңы прогрессивдүү идеяларды өнүктүрүүнү көздөйбүз.

Көп учурларда партия лидерлеринин жеке башкаруучулукка умтулуусун, өз командасына жеке жакындыгына жана материалдык абалына жараша талапкерлерди кабыл алуусун сынга алышат. Бул кеңири тараган ой-пикирдин бизге тиешеси жок. Бул жагдайды 2010-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон 5-чакырылыштагы шайлоо боюнча оңой эле текшерсе болот, мында биздин партиялаштар алгачкы жолу депутат болуп шайланышкан.

2020-жылдын күзүндө өтө турган шайлоонун алдында, мурдагы кемчиликтерди эске алуу менен бирге, биз праймериз сыяктуу демократиялык жол-жобону  киргизүү аркылуу депутаттыкка талапкерлерди тандап алуу системасын жакшыртууну чечтик. Праймериз бул – партия ичиндеги шайлоо, мында шайлоо тизмелерине кире турган, келечекте депутат катары парламентте партиянын өкүлү боло турган адамдарды партия лидери эмес, партиянын мүчөлөрү өздөрү шайлашат.

Праймеризге катышуу үчүн талапкерлерди тандоо жана праймериздин өзү төмөнкү тартипте өтөт:

Партиянын мүчөсү, ошондой эле “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси боюнча парламенттик шайлоого катышууну каалаган  жаран өзүнүн келечектеги шайлоо алдындагы платформасынын негизги пункттарын кыскача жазуу менен төмөндөгү көрсөтүлгөн электрондук даректерге арызын жана резюмесин жөнөтүүсү зарыл.

Талапкердин жаш курагына, улутуна жана башка жагдайларга көңүл бурулбайт.

Маанилүү жагдайлар: талапкердин сөзүндө гана эмес, иши менен далилденген мекенчилдиги, чынчылдыгы, ак ниеттүүлүгү, кесипкөйлүгү, ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуусу, жазуу жана оозеки формада өз оюн сабаттуу жана жеткиликтүү түшүндүрө алуусу.

Талапкердин берилген документтери изилденип бүткөндөн кийин ал партия ичиндеги шайлоолорго катышууга укуктуу болот. Ошол эле мезгилде башка партиялар жана коомдук-саясий бирикмелер менен биригүү жолдору да каралышы мүмкүн, бирок “Ар-Намыс” партиясынын желеги алдында гана.

Белгилеп кетким келет, биздин партияда бардыгыбыз баш ийүүчү өзгөргүс бир эреже калыптанган. Конкреттүү сунуштарды киргизбей туруп кандайдыр бир сунушту, идеяны, ишти сындоого жол берилбейт. Эгер көйгөйдү айткың келсе – анда аны чечүү үчүн сунуштарды киргизүү зарыл. Сын айткандар көп – ал эми сунуштагандар аз. Ошону менен бирге сунуштар жалпы, конкреттүү эмес, контролдоого мүмкүн болбогон мүнөздө болбошу керек. Мисалы, ар бир пункту “күрөштү күчөтөбүз; ишти жылдырабыз; абалды жакшыртабыз, жеңебиз; көтөрөбүз; камсыздайбыз” деген ж.б. жалпы, далилсиз, курулай айтылган сөздөр менен башталган программага ишенүүгө кыйын.

Акыркы мезгилде бизге шайлоо алдындагы партия тизмесине киргизүү өтүнүчү менен көптөгөн каалоочулар кайрылып жатат. Алардын бардыгына  бул маселе боюнча чечим кабыл алуу укугу партиянын лидерине эмес, түздөн-түз анын мүчөлөрүнө тийиштүү экендигин кабарлап жатабыз.

Бүгүнкү күндө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен, праймеризди ачык-айкын жана демократиялуу негизде өткөрүүнү камсыз кылуучу механизмдер жана жол-жоболор иштелип чыгууда. Талапкерлерди талкуулоого бардык каалаган адамдар катыша алышат. Бизде элден жашыра турган эч кандай сыр жок жана болбойт. Биз бардыгына ачыкпыз.

Праймериздин жана талапкерлердин программаларын кеңири талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, жашыруун добуш берүү жолу менен, өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органына шайланууга татыктуу болгон талапкерлерден турган партиянын шайлоо алдындагы тизмеси түзүлөт.

Бүгүнкү күндө шайлоочулар Жогорку Кеңеште алардын кызыкчылыгын ким коргой тургандыгын, зарыл болгон учурда кимге кайрыла тургандыгын, шайлоо алдында берилген убадалар аткарылбаган учурда кимден сурашарын билишпейт. Биздин система, Конституцияны бузбастан, бул маанилүү кемчиликти жоюуга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Конституцияны бузбастан, биз шайлоочулардын үмүтүн актабаган учурда, же эл өкүлү деген жогорку наамга шек келтирген кылык-жоругу үчүн депутаттык мандатты өз ыктыяры менен тапшыруу механизмин киргизүүнү чечтик. Бул талапкерди шайлоо тизмесине киргизүүдөгү негизги талаптардын бири болмокчу.

Талапкерлердин акылга сыярлык жана негиздүү сунуштары, көпчүлүк пункттары биз мурда иштеп чыккан мыйзам долбоорлору менен бекемделген  жалпы партиянын программасына кошумча болот. Биз, мисалы, эмгек маяналарын, пенсияны дароо көтөрүүгө убада бербейбиз, себеби, бюджеттин азыркыдай жетишсиздиги болгон шартта бул жөн гана алдамчылыкка жатат. Ошентсе да, бизде Конституциянын 12-беренесин иш жүзүндө аткаруу аркылуу 2-3 жылдын ичинде калктын жетиштүү жана берекелүү турмуш шартын камсыз кылууга мүмкүндүк берген чечимдер бар. Аталган беренеде жер, анын пайдалуу кендери, суулары жана башка ресурстары Кыргызстан элинин жашоо-турмушунун жана ишмердүүлүгүнүн негизи деп жазылган. Башкача айтканда, биздин өлкөнүн жаратылыш байлыктары сөз түрүндө гана эмес, иш жүзүндө да ар бир жарандын жашоосунун материалдык жагын жакшыртууга багытталышы керек. Кийинчерээк, шайлоо алдындагы үгүт иштерине расмий түрдө уруксат берилгенде, биз сунуштарыбызды беребиз жана бардыгы аларды ишке ашырууга мүмкүн экендигине, алардын натыйжалуулугуна жана популизмдин жоктугуна ынана алышат.

Ошондой эле айтып кетүүчү нерсе, мен партиялык тизмени жетектөөдөн баш тартууну чечтим. Партиялык тизмени праймериздин жыйынтыгы боюнча партиянын съездинде шайлана турган бир нече адамдын “коллективдүү локомотиви” жетектейт.  Ушинтип саясатчылардын жаңы муунун “күжүрмөн абалда” текшербиз. Мындан тышкары, резервдик тизмедеги партиялаштар жана талапкерлер менен биргеликте шайлоочулардын сунуш-талаптарын жана биздин партиялык программанын иш жүзүндө аткарылышын уюштурууга ниеттендим. Бул учурда партиялаш-депутаттардын ишине карата жоопкерчилик алуудан партия лидерин эч ким бошотпой тургандыгы түшүнүктүү. Биз, шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуп, кайтарым байланышты камсыз кылуу менен шайлоо алдында берген убадаларды аткарабыз. Колдонуудагы жоболорго ылайык депутаттын макамы депутаттыкты башка ишмердүүлүк менен айкалыштырууга жол берилбейт, ошондуктан шайлоочулардын күнүмдүк көйгөйлөрүнө реакция кылууга мүмкүн болушунча жакындаган бул практикалык иш эл үчүн мыйзам чыгаруу иши менен катар эле маанилүү.

Пандемия дүйнөнү өзгөрттү, жана дүйнө эми мурдагыдай болбойт. Парламенттик курамдын ак ниеттүүлүгүнөн жана кесипкөйлүгүнөн өлкөнүн тагдырын аныктоочу чечимдердин кабыл алынышы көз каранды, жана ал чечимдер азыркы мезгилдин чакырыктарына жана талаптарына жооп берүүсү керек. Азыркы мезгилде келечектеги депутаттардын жана саясий партиялардын эл алдындагы жоопкерчилиги болуп көрбөгөндөй жогору. Мурдагыдай иштөөгө азыр мүмкүн эмес.

Биз өлкөнүн келечеги жана бакубаттыгы үчүн жигердүү иштөөгө жөндөмдүү инсандардын бардыгын өз катарыбызга чакырабыз!

Праймеризди 2020-жылдын 15-августуна чейин аяктоону мерчемдөөдөбүз. Табыштамаларды arnamys2020@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

Партия лидери Феликс Кулов

Эскертүү: бул кайрылуу мыйзам бузуу болуп эсептелбейт, анткени кайрылуу партия  ичиндеги шайлоо маселелерине гана тиешелүү жана ушуга байланыштуу праймеризди өткөрүү шарттарын жана ага катышууну каалагандарга карата коюлган талаптарды түшүндүрөт.

Биз тууралуу маалымат Facebook тармагында “Ар-Намыс” – прогрессивдүү – консервативдүү партиясы” баракчасында жарыяланат.    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: