Menu

Бектур Асанов: “Бир гана талап – Атамбаевди кетирүү!”

Бөлүшүү:

14-мартта Жалал-Абадда оппозиция митинг өткөрдү. Андагы талаптар, максаттар жана мындан кийинки кадамдар тууралуу оппозиция лидерлеринин бири, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын төрагасы Бектур Асанов суроолорубузга жооп берди.

– Бүгүнкү күндө оппозиция бийлик менен иш алып барса болобу?

– Ал үчүн бийлик адекваттуу, конструктивдүү болуп, мыйзамдарды сакташы керек. Азыр алар мыйзамды сактаган жок. Ошондуктан биз бул бийлик менен иштеше албайбыз.

– Негизги кандай талаптарды коюп жатасыздар?

– Бир гана талап Атамбаевди кетирүү!

– Социалдык көйгөйлөрдү чечебиз дедиңиздер эле. Бирок эмнеге жеке маселе, жеке адамдарга өтүп кеттиңиздер?

– Социалдык мамселелерди айтууга бизге бийлик уруксат берген жок. Бир топ маселе бар эле. Канчалаган кишилер сүйлөмөк. Анан чагымчылдар чыгып саясатташтырып салды. Бирок мен ийгиликтүү митинг болду деп айта алам. Буга чейинки бийликтер да ушундай эле жол менен кетишкен. Ар бир саясый күчтүн өзүнүн ыкмасы бар. Бир эле жол менен эки ирээт жеңишке жетишпейсиң. Биздин жол азыр эң сонун десем болот. Биз бул жакта өткөрүп жатабыз. Азимбек Бекназаров эми Ошто аябай чоң митинг уюштурат. Мурунку “Эл үнү” сыяктуу оппозициялар менен бирбиз. Жада калса, өлкөдөн качып кеткендер, камакта отургандар бизди колдоп жатат. Мамлекеттин социалдык көйгөйүн чече албаган бийлик башкасын да чече албайт. Ошондуктан кетиши керек.

– Өлкөдөн тышкары жүргөндөр түшүнүктүү, бирок түрмөдөгүлөр менен кантип байланышып, колдоосун алып жатасыздар?

– Ал жактагылар өзү чыгып катышпайт. Бирок үн кошот. Кишилерди кошот. Азыр телефон деген, башка да жолдор бар. Өзүңөр билгендей эле Равшан Сабиров, Нариман Түлеевдер бар. Алар менен байланышууга мүмкүнчүлүктөр бар.

– Концтитуцияны өзгөртүү керек деп айтып жатасыздар. Канчалык деңгээлде зарыл?

– Мен аны айткан жокмун. Бирок жергилитүү бийликти, башкача айтканда мэр, акимдерди эл өзү шайлашы керек деген сунуш бар. Ал эми райадминистрацияларды өкмөт өзү карай берсин.

– Президент “бул оппозиция канкор, революционер жана коррупционерлерден куралган деген” сын айтты. Буга кандай негиз бар?

– Оппозицияда көп киши бар. Балким арасында болуп калышы мүмкүн. Так ушул деп айтса башкача болмок.

– Кийинки кадамдар кандай болот?

– 24-мартта митинг эмес, Ошто чоң курултай болот. Ага жана айтып өткөндөй, сырттагылар, абактагылар жана башка бардык оппозициялык топтор катышат.

 

Канай Анаркулов

Булак: “Марал”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: