Menu

Тармактык комитетте Сокулук районундагы Жыламыш айылына өзүнүн тарыхый атын кайтаруу демилеси талкууланды

Бөлүшүү:

 

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү тарабынан сунушталган «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаевдин айтымында Жыламыш айылынын тургундары КР Өкмөтүнө айылдын тарыхый атын кайрып берүү өтүнүчү менен кайрылган. «Жылмамыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач атылып келген. Айылдын атын өзгөртүү чыгымдары толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат», – дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров Гавриловка айылынын кимдин атынан коюлганын эч ким билбейт, алтургай, айыл өкмөт башчысы да билбейт экени, ал эми Жангарач Эшкожо уулу бүткүл элге белгилүү, айрыкча кыргыз-казак алакасын бекемдөөгө зор салым кошкон тарыхый инсан, ошондуктан, айылдын эле эмес, айыл аймагынын аталышын да ошол кишинин атына которсо туура болот.

Бир катар депутаттар бул сунушту колдоо менен бирге, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу зарылдыгын белгилешти. Анткени, мыйзамда айылдар менен шаарлардын аталышына адам аттарын коюуга жол берилбейт. Өкмөт өкүлдөрү бул сунушка макул болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: