Бүгүн, 6-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын өткөрдү.
Анда Үсөнбаевке “Дарыгердин жакын тууганы коронавирустан каза боло турган болсо аларга компенсация төлөнөбү?”,- деген суроо берилди.
“Мындай категориялар ал жерде каралган эмес. Эгерде медицина кызматкери иш чөйрөсүндө коронавирус илдетин жуктурган болсо, компенсация каралат. Атайын комиссия түзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча маселе чечилет. Бирок туугандары, тааныштары каза болуп калса компенсация маселеси каралган эмес”,- деди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ