Menu

Жолдош Орозов, Апрелчи: “Атамбаев, Сариев, Текебаевдердин мамлекет башкарууга жөндөмсүз экенин көрүп туруп кыймылдабай, аракет кылбай олтура беришибиздин өзү чыккынчылык!”

Бөлүшүү:

Урматтуу Кыргыз элим, дегеле кыргыз эли кайда баратабыз? Эмнени каалап жатабыз? Деградациянын жеткен чегине жеттик го.. Мындан ары эмне кылабыз? Бийлик башындагылар кыргыз элин түз эле орго салганы баратса деле карап олтура беребизби? Аксы, Лейлек жерлерибизди Өзбектер басып алса, Атамбаев Президент катары дым ооз ачпай олтуруунун кандай сыры бар? Өзү мурун айтып жүргөндөй бул Кыргыздарды түздөн-түз Кокон хандыгына басып берүү эмеспи? Коңшү кылымдан-кылымга эриш аркак жашап келе жаткан тектеш элдер менен дипломатиялык мамиле түзгөнгө жарабай аларды кас кылуунун кажети барбы? Сөздүн чынына келсек Атамбаев ким да, Ислам Каримов ким? Таразага салсак деле салмак жагынан Каримов болбой эле оордук кылып жатпайбы. Мейли, саясий бааларын салыштырбаганда да тең ата мамлекет аралык иштерди жүргүзсө болобу? Мындай иш анын кыргыз элин жекирип, ар кандай сөздү суйлөй берүүсү эмес да, бул деген мамлекеттин бүтүмдүгү, коопсуздугу жоголуп жатат деген нерсе? Кыргыз мамлекетин жок кылуу идеясын жамынгандар өз кызыкчылыгын ойлошууда ал эми, орустарга, Америкага мындайча айтканда баар бир, алардын таасиринде иш кылбай өз алдынча алга жылсак болбойбу? Бийлик башындагы саткындар итбекер кен-байлыктарыбызды, элибизди (даром) салып берип жатышса аларга майталкан эмеспи? Атамбаевдин бийликке келиши кыргыз элине эч кандай пайда алып келген жок, тескерисинче чекебизге чыккан чыйкан болду. Алар Революциянын таш-талканын чыгарып салды. Кайран гана шейит кеткен кыргыздын 100 дөн ашык курман болгон жигиттери, силер элим-жерим деп өлгөнүңөр менен Атамбаев, Текебаев, Сариев, жана башкалар элдин асыл максаттарын тетири буруп салышты. Азыр силер АША, Теке, РОЗА, Токсонго чыккан абышкадай болгон Сариев, Бакиевдин режиминде Бакиевге кызмат кылгандар бийликке толуп алышып, баш аламан башкарып жатышат, мамлекет катары жашап кетүүгө коркунуч туулду, анткени мамлекет башына жөндөмсүз адамдар келип чек арабыз, кен- байлыктарыбыз кетип жатат. Булардын жөндөмсүздүгүн көрүп туруп кыймылдабай, аракет кылбай олтура беришибиздин өзү чыккынчылыкка барабар менин бир туугандарым! коррупция деген андан да күчөдү. ӨЗГӨЧӨ Прокуратура жана сот системасы өлүп бүттү, аларга ким акча берсе ошолордун сөзүн сүйлөшөт. Кыргыздар качан таза кыргызча ата-бабаларыбыздын жолуна түшүп жашайбыз? Сөздүн чыны кыргыз мамлекети коркунучта. Эгер тез аранын ичинде эл өзүбүз чара көрбөсөк бийликтегилерден пайда жок. Демек, ойгонушубуз керек. Ойгонгула тагдырыбыз опурталдуу бир туугандарым!!!
Жолдош Орозов, Апрель революциясынын катышуучусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: