Menu

Рыскелди Момбековдун оозун кантип жапканы жатышат?

Бөлүшүү:

Өткөн жумада айрым маалымат каражаттары “КСДПчы депутат Рыскелди Момбековдун Улуттук университеттин юридика факультетин 1997-2003-жылдары окуп,  юрист адистигин алып аяктады деген диплому жасалма диплом, аны сатып алган. Эгер андай эмес десе ошол 6 жыл чоогу окуган курсташтарынын аттарын атасын, биз маектешип көрөлү” деп жарга такап чыгышты.

Кантип эле жасалма диплом менен 2010-жылы Роза Отунбаеванын өкмөтүндө Кыргызстандын маданият министри болуп, 2011-2012-жылдары президент Алмаз Атамбаевдин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясын жетектесин деп ишенбей биз турдук.

Бирок, биздин жеке булактар билдиргендей ал маалыматты бийликтин “оюнчулары” атайын жарыялашыптыр. Анын диплому жасалма экенин таап чыгышып, “эгер дагы бир биздин жээкте болуп, бир аркы жээкке өтүп кыйкыра берсең, жасалма диплом боюнча кылмыш иши козголот, депутаттык мандатыңан ажырайсын” деп опуза кылышкан экен. Эгер андай болсо 2010-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеген учурда алган айлыктарын кайра мамлекетке төлөп бериш керек болуп калат дешет.

Бир кезде “Ар намыс” партиясынын Төрөбеков деген депутатынын да диплому ушинтип жасалма чыгып калып, атамбаевчилер ал байкушка кылмыш ишин козгоп, эки-үч жыл сүйрөп жүдөтүшкөн.

Эми бийлик ушинтип Рыскелди Момбековдун оозун жапканы жатса жакшыбы?  Парламентте жамактатып сөз сүйлөп, кээде көйгөйлөрдү жакшы көтөрүп, айрымдарга жаккан жамакчы депутатыбыз кантип унчукпай олтура алат?

Ошондо ага караштуу “Фабула” гезитти бийликти сындай албай калабы?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: