Menu

Фото – Сабыр Жумабековдун бир күнү

Бөлүшүү:

Белгилүү врач-ортопед, профессор, академик, башкы врач Сабырбек Жумабековдун бир күнкү иши тууралуу кабарчыбыз кошо жүрүп жазып келди.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (ал эми эл №4 оорукана дешет) жетекчиси, ортопед, профессор, академик Сабырбек Жумабеков жумушка эртең менен 8дерде келип, кечки саат 10дорго чейин иштейт. Күнүнө 10го жакын операция жасап, жүзгө жакын бейтапты кабыл алат. Биз барган күнү Сабырбек Жумабеков алты операция жасап, 60ка жакын адамды кабыл алды. Биз ал операциянын бешөөнө катыштык.

Бейтапты кабыл алуу

25-октябрда Сабырбек Жумабеков жумушка саат 8:30да келди. Келери менен өзүнүн кызматтык кийимин кийип, он чакты бейтапты кабыл алды. Ар бирине 10-15 мүнөттөн убактысын бөлүп, айрымдарына “операция жасоо керек” десе, кай бирин анализ тапшырууга жөнөтүп жатты.

“Кызым, чечин. Операция залына кийимчен кирүүгө болбойт!”

Саат онго жакындаганда Сабыр Жумабеков менен бирге операция бөлүмүнө бет алдык. Операция жасаган бөлүм экинчи кабатта жайгашыптыр. Врачтын операцияга кирүү алдында кийине турган атайын бөлмөсү бар экен. Шаша-буша ал бөлмөгө да жетип бардык. Бөлмөгө кирерибиз менен артыбыздан медайым кыз “Агай” деп келатты эле… “Анан сүйлөшөбүз. Жап эшикти!” деп, мага “Кызым, чечин, ичиңде майкаң барбы?” деп сурады эле, шашып кетип “Ооба, майкам бар” деп жооп бере салыпмын. Врач “Операцияга кийим менен кирүүгө болбойт. Ал жерде баары тазаланган да. Кийимдериңди чечип, бул форманы кийип ал” деп колундагы кызыл форманы кармата салды. Форманы кийип алып, операция залына кирдик. Ал жерде да атайын кийинүүчү бөлмө жайгашыптыр. Ал бөлмөдөн биз башыбызга бинттен жасалган, башыбыздан бери жапкан, көзүбүздү эле ачык калтырган масканы кийип алып операция залына кирдик. Операция залына киргенде өзгөчө коркуу, кооптонуу сезими пайда болду. Бирок келген максатым ал кооптонуумду жеңип кетти.

“Москва бейтапканалары кабыл албай койгон бейтапка операция жасалды”

Кирсек, 35 жаштагы Өмүрбекти врачтын ассистенттери операцияга даярдап коюптур. Врач колун спирт менен чайкап, дароо операцияга киришти. “Бул жигиттин бутун Москвадан жумуш учурунда бир нерсе басып калган экен. Анын кесепетинен омурткасы сынып, тайып да кеткен. Москванын бейтапканаларына кайрылса, алар “Сенин бул жерде эч кандай каттооң жок экен” деп карабай коюшуптур. Туугандары аны Кыргызстанга алып келишкен. Биз ал жигиттин омурткасын томографияга тартканыбызда, омурткасы бир нече жеринен сынып жана чыгып кеткен. Ошолорду бекители деп операция жасадык. Биз муктаж болгондорго жардам беребиз” дейт профессор. Бул операция жарым саатка созулду.

Операциядан операцияга…

Операциядан чыгарыбыз менен залда жайгашкан бети-колду жуучу жерден врач Жумабеков бети- колун жууп, кийимдерин алмаштыруу үчүн атайын бөлмөгө кирип кетти. Операциядан кийин кийимдери тердегенден кадимкидей суу болуп калыптыр. Бул тууралуу ал: “Ар бир операцияга болгон күчүмдү жумшайм. Операция учурунда абдан тердейм. Ошондуктан кийимдеримди операция сайын алмаштырууга туура келет” деди.

Он мүнөт өтпөй кайра операция…

Биринчи жасалган операциядан 5-10 мүнөт убакыт өтүп-өтпөй, экинчи операцияны жасоого киришишти. “60 жаштагы Гүлүйпа эженин бутунун кашка жилигинин башы чирий баштаган. Биз кашка жиликтин башын сындырып алып салып, жамбаштын уясын жасап, анан жиликтин башын салып, уяга киргизип койдук. Бул жамбаш кашка жиликти алмаштыруу протези деп аталат. Мындай операциядан жылына 1500ге жакын жасайбыз” деди ортопед. Бул операция жыйырма беш мүнөткө созулду.

Ортосунда турникке тартылмай

Экинчи операция аяктап, кийимдерин экинчи ирет алмаштырып алып, алты жашар кызга операция жасай баштады. Операция учурунда Сабырбек Жумабеков: “Бул бейтаптын бутунун сөөгүндө шишик пайда болуп, жамбашка өтүп бараткан. Анын баарын тазалап, цемент куюп, темир менен карматтык. Буюрса, жакшы басып калат. Сөөктүн шишиги операциядан кийин токтоп калышы керек” деп айтып жатты. Эң кызыгы, операция жүрүп жатканда хирург Жумабековдун бетине кан чачырап кетти. Аңгыча ал “Көзүмө майда сөөктөр кирип кетти” деп калды. Ары жакта турган медайым анын көзүн тазалап берди. “Мына көрдүңөрбү, биз жашообузду кандай тобокелчиликке салып, адамдардын өмүрүн сактап калабыз. Өмүрүбүздү байлап койгонбуз. Менин практикамда мындай учурлар көп эле кездешет. Бир жолу Россиянын жараны келип: “Менин бутума операция жасап бериңиз. Мен СПИД менен ооруйм” деп ачык айтты. Мен ал кызга “Жасабайм! Россияга барып жасат. Мен сага операция жасаганга милдеттүү эмесмин” дегем. Бирок, ал кыз “Мен сизге гана жасатам. Мен Россияга барбайм, Кыргызстандын жарандыгын алам” деп жанына “ушул балага турмушка чыгам” деп орус баланы ээрчитип алып, артымдан бир-эки ай чуркап жүрдү. Ак көңүл жаным акыры макулдугумду берип, коопсуздукту болушунча сактап, өзүмдүн командам менен операция жасап, ал кызды бутуна тургуздум. Кийин ал Россияга кетип калды” дейт.

Бул операция бир жарым саатка созулду. Операция убагында менин жүрөгүм айланып, бир аз көңүлүм айнып барып, өзүмө келдим. Ичимден “Кудайым бизге ден соолук берсе экен” деп тилеп аттым. Баса, эң кызыгы биз операциядан чыккандан кийин кийинүү бөлмөсүндө жайгашкан турникке Сабырбек мырза он беш жолу тартынды. Көрсө ал операциядан бошой калганда, турникке да тартыла калат экен.

Жолдон кайрылгандар көп болду

Төртүнчү жана бешинчи операция башка бөлүмдө болот экен. Андан улам үчүнчү операциядан чыгып, кийинип алып башка бөлүмдү көздөй бет алдык. Жолдо карата дарыгердин артынан чуркагандар көп болду. Алардын айрымдары алкышын айтса, кээ бири жакындарына жардам берип коюшун суранып жатышты. Профессор алардын ар бири менен сүйлөшкөнгө да жетишти. Ошентип жолдо катар кантип операция залына жетип келгенибизди байкабай калдык. Операциянын бул залы аябай чоң болгондуктан, үч кишиге бир убакытта операция жасалды. Узун залда жыйырма бешке жакын медицина кызматкери үч бейтаптын өмүрү менен алышып жатышты. Сабырбек Жумабеков операция жасачу адамдын эки жери сыныптыр. Бул операция эки саатка созулду.

Кайрадан бейтаптарды кабыл алуу

Баш-аягы беш операция саат 3төрдө аяктады. Операциядан чыгып, мен өз кийимимди кийдим, ал эми профессор Сабырбек Жумабеков формасын гана алмаштырып, тердеген боюнча жеңил кийим менен эшиктеги суукка карабай башка бөлүмдү көздөй бет алдык. Профессордун кабинетине келсек, катчы кыз тамак алып келип койгон экен. Чай үстүндө сүйлөшүп отурдук. Тамактануудан соң күтүү залында профессорго көрүнөбүз дегендерди тизме менен кабыл ала баштады. Ал жерде кеминде кыркка жакын адам күтүп отуруптур. Ал адамдарды көрүп бүтүп, бүгүн операция жасалгандардын ал-абалын сурап, бир сыйра текшерүү жүргүздү. Бул ортодо “Шеф, бул маселени кандай кылалы. Буга кол коюп бериңизчи. Тигиге операция жасайбызбы? Баланчанчы бейтапты баланчанчы палатага жаткыра берелиби?” деген суроолору менен кайрылган медкызматкерлердин саны арбын болду.

Сөз ортосунда Сабыр Жумабековго минтип суроо салдым:

– Операциянын баасы канча турат?
– Биздин борбордо операция акысыз. Болгону керектүү темирлерди бейтаптын жакындары сатып беришет.

– Түшкү тамактанууга убакыт бөлөсүзбү?
-Бейтаптарга үч маал тамак беребиз. Алардын тамагына чейин өзүм көзөмөлдөп турам. Өзүм да бейтаптар ичкен тамактан ичем. Түшкө маал “Тамак алып келип койгула” дейм. Убактым болсо ичем, ичпей калган күнү катчы кызыма “Ичип ал” деп коем. Көп учурда түштөнбөй иштейм. Себеби бейтаптардын көптүгүнөн тамактанууга убакыт жетишпей калат.

– Операция жасагандан чарчаганда кантип эс аласыз?
– Операция жасагандан эч качан чарчабайм. Бул менин жумушум. Чарчап калган күндөрү үйгө барганда он километр чуркайм. Чуркагандан денем жазылып, кадимкидей ырахат алам. Тоо койнуна чыгып эс алганды жактырам.

– Ачууңуз келгенде тамеки чегип коесузбу?
– Тамекини алтынчы классымда чегип, ошол эле жылы чекпей калгам. Биз айылда тамеки айдап, тамекинин арасында чоңойдук да. Анан кантип тамеки тартып көрбөйсүң. Бирок менин тамеки тартууга шыгым жок экен.

– Дүйнөгө кайрадан жаралсаңыз деле ушул кесипти тандайт белеңиз?
– Оорулуу адамды эч убакта таштап кеткен эмесмин. Мен аларга жардам бергенден ырахат алам. Менин кесибим дүйнөдөгү эң мыкты кесип деп эсептейм. Эгер бул дүйнөгө кайра жаралсам, кайра эле ушул кесипти тандамакмын.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Булак: ПолитКлиника 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: