Menu

Каатчылыкты кантип жеңсе болот?

Бөлүшүү:

Биз жашап жаткан заман оңой эмес болсо да “кереметтүү” заман экенин ар бир адам эле түшүнөт. Болуп жаткан экономикалык кризис адамзаттын тарыхында биринчиси да, акыркысы дагы эмес.  Негизинен элибиздин башынан өткөн 90- жылдардагы оор мезгил, туруктуулугу жок мамлекет кезде жашоонун алтын эрежелеринин пайда болушуна шар түзүп берди. Бул макалада каатчылыкта акчаны кайсы валютада сактоону же картөшкөнүн кабыгынан торт даярдоо ыкмасын үйрөтүү жөнүндө кеп болбойт. Бул жерде сиз күн сайын ичиңизден кайталоочу сөздөр жана 90-жылдардын мисалында жаралган эрежелер жазылган.  Дал ушул эреже менен жашап, азыркы күндө мыкты жашоодо өмүр сүрүп жаткан адамдарды айтпасак деле түшүнүктүү. Төмөнкү жазылган  эрежелерге көңүл бөлүп, аны күн сайын аткарууга аракет кылсаңыз жашооңуздун жеңилдегенин байкайсыз.

Сөзсүз кандайдыр бир кыймыл-аракет кылуу керек. Жолдун баары жабык, бараарга жер, басаарга жол калбай калган күндө дагы иште, кыймылда, эртеби-кечпи убакыт өзгөрөт. Ошол убакыт өзгөргөн учурга “фундамент” даярдоо зарыл. Бирөөнү күнөөлөгөн эң эле оңой, буга убакыт коротуунун дагы зарылчылыгы жок.

Жыгылган күрөшкө тойбойт — бул жөн сөз эмес. Негизинен кичинекей балдардын жүрүм-турумун байкасаңар, кээ бири жыгылса бирөө келип тургузат деп күтүп жата берет. Ошол эле учурда башка бала өзү жыгылган жеринен шарт туруп оюнун улантат. Чынында чоң адамдар деле ушундай, бир гана айырма жыгылуудан алган соккулар ар башка. А сен экинчисин танда, жата бербей туруп жолуңду улант.

Эч нерсеге өкүнбө. Жашоонун агымын ар бир адам өзү башкарат. Ошол себептен эч качан чечимиңе өкүнүп убактыңды коротпо. Сенин өкүнгөнүң бул өзүңө өкүнгөнүңө тете.

Тапкыч жана элпек бол. Каатчылык көптөгөн бизнестин башын жесе, башкаларга кең жана бош жол ачып берет. Ошондуктан изден, жаңы иштерге жана шарттарга ачык бол. Убакыт өткөн сайын баары тез ылдамдыкта өнүгүп жатканын байкасаң керек, артта калба.

Артты карап алдыга план түз. Кылган ишке сереп салып, анализ кылуу чыныгы акылдуу кишинин колунан келген иш. Өзүңдүн каталарыңды моюнга алып, сабак алуу жашоонун эң чоң академиясы. Бул академиянын диплому бул сенин жетишкен жана татыктуу жашооң.

Акча эркиндиктин ачкычы. Бул жашоодо башкысы акча эмес деген кептин чындыгы бар дечи, бирок толугу менен макул болуу мүмкүн эмес. Акча бул жашоонун негизги куралдарынын бири. Ооба, мааниси эмес куралы. Базарда акча үнөмдөө максатында соодалашуу же сага керек эмес буюмду сатып алуудан баш тартуу бул кризис учурунда нормалдуу көрүнүш. Акчага көз каранды болбой ага сый мамиле жасоо керек.

Жумушум бар, мен бактылуумун. Ар бир кесип ардактуу дечү беле … Бул чындык.  Кандай болбосун ар бир күнү таң атпай туруп жумушка бет алып, кечке жуук чарчап келүү  бул чыныгы бакыт. Иштеген жумушуңду сүйүп, так аткарып чыныгы жигердүүлүктү көрсөтсөң жетекчилик каатчылык өткөн соң ишиңди унутпайт.

Жеңил жана оор басырыктуу бол. Жеңил болуп ошол эле учурда оор басырыктуу бол… Күлкүлүү угулат, бирок каатчылык убагындагы негизги эрежелердин бири. Сен эңсеген жумуш туулган жериңде жок болсо башка жерде бар. Изде, тап. Бирок шашылыш чечим кабыл алба.

Өзүңдү өзүң тейле. Албетте, стабилдүүлүк учурунда “чымчык сойсо дагы касапчы сойсун” деген алтын эрежеден өтөөрү жок. Ал эми кризис жана оор убакытта майда-чүйдө үй тиричилигин өзүң аткарганың оң. Адам үйрөнүп жана аткара албачу иш жок, ошонун негизинде “кырк” өнөрдүн ээси болуунун эң жакшы шарты болот.

Келечекке ишеним менен кара. Элибиздин баатырлыгын, эр жүрөктүгүн жана кыраакы, көрөгөч экенин баскан жолубуз, тарыхыбыздан көрүүгө болот. Бабаларыбыз экономикалык кризистен оор учурларга кабылып, башын бийик көтөрүп жеңип чыккан. Бул күн дагы өтөт, жаркын жана жарык күн келет деген ишеним ар бирибиздин оюбузда жана жүрөгүбүздө болушу керек.

Аскат САБЫРОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: