Menu

Камчыбек Ташиев: “Чегара маселеси курчуп аткан чакта бийликти алмаштырабыз деген ой болбошу керек”

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-мартта, Аксы районунун борбору Кербен шаарында 2000дей адам катышкан митингге айрым маалымат каражаттары Камчыбек Ташиевдин катыштыгы бар деп жазып чыгышты. Саясатчынын андагы сүйлөгөн сөзү бурмаланып калган жагдайлар да жок эмес. Маалымат булактарында жазылгандай, Камчыбек Ташиевдин аталган митингге тиешеси болгон эмес.

“Ата Журт” мекенчил партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кыргыз элинин башына түшкөн кыйын күндөрдө ар дайым эл менен чогуу болгону менен коомчулуктун эсинде калган. Бул сапар да чегарадагы курч кырдаал саясатчыны жөн жаткырбай, жерине барып акыбал менен таанышууга кечээ жолго чыккан. Саясатчы жалгыз эмес, жанында 300дөй адам болгон. Алардын максаты өзбек аскерлери жайгашкан жерге барып, кыргыз чегарачыларынын абалы менен таанышуу жана кырдаалга терең баа берүү, эгер керек болсо чегарачыларга жардам көрсөтүү болгон. Алар Аксы районунун борбору Кербен шаарына жеткен кезде, оппозиция өкүлдөрү жана жергиликтүү калк уюштурган митинг башталып калган. Өкмөт башчы Темир Сариев да жергиликтүү эл менен жолугушууга келген. Камчыбек Ташиевдин караанын көргөн топтолгон эл сүйүнүчүн жашыра албай, кол чаап тосуп алышты. Мамлекеттин жери башка мамлекеттин барымтасында калып, санааркап турган эл Ташиевдин өткөн эрдиктерин эстеп, бир айласын таап береби деген үмүттү илгертпей баамдоого болоор эле.

“Ата Журт” мекенчил партиясынын лидери дүрбөгөн көпчүлүктү кыйгап өтө албай, өз пикири менен бөлуштү:

“Бизге бийлик керек эмес, бизге мамлекеттин бүтүндүгү керек. Чегара коопсуздугуна коркунуч жаралып турган чакта, биримдикке келип, ынтымакта туралы. Азыр бийликти алмаштырам деген ойдон алыс болгула. Бийликте кетирүүнүн кереги жок. Мындай абалда кескин кадамдарга баруудан карманалы. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн бир муштумга бириккен ички биримдик, ынтымак зарыл. Ар кандай чагымчылдыкка алдырбагыла”, – деген Камчыбек Ташиев чегара маселеси ар кандай саясий оюндардан жогору тураарына басым жасады.

“Коңшу мамлекеттин бул кадамын олуттуу кабыл алыш керек. Алар кайсы күнү болбосун кирип келиши мүмкүн. Керек болсо кошумча күч жөнөтүп, коопсуздукту күчөтүш керек. Адам жаның тынч болбосо, башка эч нерсенин кереги жок. Ошол сыяктуу эле чегараң тынч болбосо, президент, өкмөт, оппозиция болуунун кереги эмне”, – деди Камчыбек Ташиев.

Андан ары чегара аймагына барып, кыргыз жоокерлери менен жолугушуп, абал менен таанышты.

“Талаш жерге кирип турат деген болбойт. Булар биздин жерибизди басып киришти, муну ачык айтыш керек”, – деди саясатчы ал жерде журналисттердин суроосуна

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: