Menu

Алмаз Абеков, “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун экс-кеңешчиси: “Эмне себептен компанияны сатпоо керек?”

Бөлүшүү:

Алмаз Абеков 2012-жылдын январынан бери УКМКнын абагында кармалууда. Ага уюлдук байланыш компаниясынан 6 миллион долларды офшордук зонага чыгарып кеткен деген айып тагылууда.

Өкмөт “Мегаком” жакынкы жылдарда банкроттук абалга кептелерин анализдеп, ошондуктан тез арада сатыкка коюу мезгил талабы экенин саймедирөөдө. Ал турмак компаниянын тагдыры чечилчү күн катары 4-май белгиленди.

Ал эми абактагы Алмаз Абеков өкмөттүн мындай аракетине өз үнүн кошууга үлгүрдү. Ал компанияны мамлекеттин эсебинен чыгарбаш керектигин айтып, ага жетиштүү далилдерди келтирип, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жолдоду.

Ошол катка ылайыктап алып караганда, “Мегакомдун” мейкиндиги кулач жайып, пайдасын арттырууга бир канча мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан, аны сатууга шашпай,  мамлекеттик мүлк бойдон калтыруу зарыл:

  1. Инвесторлордун зарылдыгы тууралуу ырдалып аткан ыр – миф.  Инвестиция – бул Мегаком кайсы тараптын энчиси экенине карабай кайсы банктан болбосун ала ала турган ошол эле насыя. Болгону жок дегенде бир нече жыл “канын соргонду” токтото туруу керек.

2. Компаниянын ишин жакшыртуу үчүн, чиновниктердин башындагы оюн жакшыртып, алмаштыруу керек.

3. Мегаком эң күчтүү техникалык инфраструктурага эгедер. Ошондуктан, анын базасында улуттук долбоорлорду да иштеп чыгууга болот.

4. Электрондук өкмөткө акча жок дешет. Электрондук өкмөт – инфраструктуралык долбоор, бул жолдор сыяктуу эле маанилүү нерсе. Бул өлкөнү башкарууну тездетет, элдин мамлекеттик кызматтарга болгон муктаждыгын жеңилдетет, чиновниктердин санынын кыскарышын шарттайт.

5. Ар бир мектепке интернет. Мегаком азыр деле ар бир мектепте бар болгондуктан мындай долбоорду иш жүзүнө оңой ашырса  болот. Маселе бир гана компромисстик бизнес-моделди иштеп чыгууда гана турат.

6. “Мегабилим” мыкты долбоор болчу. Аны улантса да болоор эле. Компаниянын абоненттери көп болгон айылдардын мектептерине компьютердик класстарды белекке берилсин. Патриоттуулук, акыйкат жана ыраазычылык ала турган иш.

7. Телемедицина

8. Мегакомдун базасындагы DVB-MRC тармагын жайылтуу. Бул операторлордун бизнес-моделин жана телеканалдар дүйнөсүн өзгөртө алат.

Алмаз Абековдун мындай сунуштары коомчулукта ар түрдүү пикирлердин пайда болушун шарттады. Саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына:  “Ушул жигитибиз жогорку деңгээлдеги профессионал эле. Мегакомду мамлекетке 5 миллиард сом салык төлөгөнгө чейин жеткиришкен. Элибиздин кайдыгерлигиненби,  же маалымат толук жетпегениненби айтор Абеков төрт жылдан бери эч күнөөсү жок бүгүнкү бийликтин заказы менен адилетсиз УКМКнын абагындаолтурат. Болгон күнөөсү Мегаком сатылбасын, бул мекеме мамлекетти багып жатат дегени”, – деген пикир калтырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: