«Бүгүн, 2016-жылдын 24-мартында Чүй проспектисинде жайгашкан Азимбек Бекназаровдун адвокаттык конторасын саат тогузда ачып, Бекназаров олтурган кабинетти жакшылап текшерүүгө алдым. Столго чыгып шыптагы желдеткичтерди ачып карасам эч кандай шектүү предмет байкалган жок. Андан кийин эле башка жактарды текшерип баштадым.»– деп билдирди бүгүн, 24-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Анарбек Кайназаров.
“Олтургучтардын түбүн кылдаттык менен карасам, столдун түбүндө карайган бир нерсе турат. Стол бүктөлмө болгондуктан столдун ашыкмашыгы экен деп ойлогонмун. Карасам үн жазуучу, үн алып берүүчү диктофон экен. Бул көрүнүшкө артыман келген Рамазан Дырылдаев күбө болду. 19-март күнү сырткы эшикти бирөө ачып киргендей из калган экен, ага анча маани берген эмес элем”, – деди Анарбек Кайназаров.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ