Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Таалай Сариев кызматынан кетээрин билдирди.
“Урматтуу достор, Украинадагы мекендештер, 1-апрелден баштап, официалдуу түрдө Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчилигинен кетем. Бирок, иш алып барууда активдүү мүчөсү катары кала бермекчимин. Убакыт учкан куш сымал, билинбестен 5 жыл өтүп кетти.
Бул убакыттын ичинде физикалык, материалдык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн жетишинче иш жүргүздүк. Албетте, өлкөдөгү революция, согушка чейин кыргыз диаспорасы активдүү иш жүргүзүп келген.
Бирок, акыркы жылдары психологиялык жактан иштөө кыйын болду. Кыргыз диаспорасынын ишинин жүрүшүнө өзүмдүн салымымды коштум деген ниеттемин”-деп, Таалай Сариев социалдык баракчасында билдирди.
Булак: “Эгемен”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ