Журналист Кубатбек Айбашов бийликтин оппозициячыларды тыңшап жаздырып алган үн тасмасы боюнча ой жүгүртүп, жаңы пост жазды:
“Ыкма дайын. Оппозициячылардын жакын жардамчыларын сатып алышкан.
2014-жылы мага УКМК кызматкерлери ушундай “кызматташуу” тууралуу сунуш беришкен. Мен анда “Башат.кg” деген сайтта главред болуп иштечүмүн, редакциябыз Равшан Жээнбековдун Токтогул-167 дарегиндеги офисинде жайгашкан болчу, эшиктин ачкычынын дубликаты менде да бар эле. Ал жерге УОК (НОД) деп аталган оппозициялык бирикменин мүчөлөрү регулярдуу чогулуп, масилеттешип турушчу.
УКМК мага ал жердин ачкычын бир түнгө 10 миң сомго берип туруумду жана аларга маалымат ташып иштөөмдү сунуштаган. Мен мындай “пайдалуу” сунушка макул болбой, “тыңчылык, шестеркалык” кызматты аткарууну четке каккам. Чекисттер коркутуп да көргөн, “кылмыш ишин козгойбуз” деп. Мен ФБ аркылуу алардын ниетин жарыялап салгам жана Равшан Жээнбековго жеке жолугуп да билдиргем.
Менин оюмча, УКМК бул жолу да ушундай жол менен иштеген, оппозициячыларрдын ичиндеги кытмыр саясатчылардан, жардамчылардан сатып алган. Ошол жол менен офистерге доступ алып, үндөрүн жаздырып алышкан. А мүмкүн сатылган айрымдар чөнтөгүнө диктофон салып алып жаздырган болушу да мүмкүн.”
Кубатбек Айбашов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ