Menu

Жунушбай Токторбаев, Ысык-Көлдүн тургуну: “Чыныбай Турсунбековдун айынан айылыбыздагы балдардын пейили бузулду”

Бөлүшүү:

Ананьева айылынын тургуну Жунушбай ТОКТОРБАЕВ жыл сайын “Кырчын” жайлоосунда боз үй тигип, Кыргызстандын ичинен жана сырттан келген конокторду тосуп иштечү. Бирок анын бул ишмердүүлүгүнө “Жаштар” уюмунун мурунку мүчөсү Эрлан РАИМБЕКОВ тоскоолдук кылып: “Бул жер Чыныбай ТУРСУНБЕКОВдун жеке менчиги болгондуктан иштегенге укугуң жок”-деп “Кырчын” жайлоосуна киргизбей койгон. Окуянын чоо-жайын Жунушбай ТОКТОРБАЕВ мындайча баяндап берди.
Өмүрүмдө мындай таяк жеп, кордук көрө элек болчумун
“Кырчын” жайлоосунун 80 сотых жеринде 6 жыл боз үй тигип, өлкөнүн ичинен жана сыртынан келген конокторду тосуп үй-бүлөм менен чогуу иштечүмүн. Ал үчүн жыл сайын токой чарбасына оттун башы деп 5 миң сомдон төлөчүбүз. Кийин Семенов айылынын жаштары биздин ишмердүүлүгүбүзгө тынчтык бербей койгондугунан улам бир жылдары барган эмеспиз. Алар “бул жер Чыныбай Турсунбековдун жери” деп айткандыктан, биз токой чарбасына барсак, аталган мекеме бизге тиешелүү жер деп жооп беришти. Былтыркы жылы кайрадан ишибизди улантуу үчүн “Кырчын” жайлоосуна көчүп бардык. Бирок “Жаштар” уюмунун мурунку мүчөсү Эрлан Раимбеков тосуп алып, бизге тоскоолдук жаратты. “Аталган жайлоодо ашып кетсе, бир ай же бир жарым ай турам”. Токой чарбасына төлөгөн 5 миң сом каражатты Чыныбай Турсунбековдун өзүнө деле төлөп берейин десем, ал мага кол көтөрдү. Өмүрүмдө мындай таяк жеп, кордук көрө элек болчумун. Мындан улам “инфаркт” болуп ооруканага жатып калдым. Эртеси жубайым мурунку көчтү “Кырчын” жайлоосунан алып кетели деп барса, Эрлан Раимбеков 10 дон ашык атчан баланы бизге тукуруп, унаабызды чапкылап, биз менен барган балдар-кыздарды сабады. Бул окуя боюнча Чолпон-Ата шаарынын прокуратурасына арыз жазып бергенбиз. Бирок прокуратура бир дагы жолу бизди чакырып сурап койгон жок. Эрлан Раимбеков: “Мени Жунушбай Токторбаев сабады”-деп түнү менен барып арыз жазыптыр. Окуя болгондон кийин “ГУБОПтун” балдары, милициялар келгени менен териштирүү иштери болгон жок. Алар бизди сурамак тургай Эрлан Раимбековду качырып ийип, ишти аягына чыгарышкан жок.
Кысым менен документке кол койдуртуп алышкан
Буга чейин “Кырчын” жайлоосунда атчандары, боз үй тиккендери деле өз ишин жүргүзүп, бири-бирине тийишпей ынтымактуу иштешчү. Чыныбай Турсунбеков бул жерди турбаза менен кошо сатып алгам деп, жаштарды бизге тукуруп мурунку иштегендерди киргизбей койду.
Кийин “Кереге” ААКга 11 гектар жер бекитилип берилген документти көрүп, токой чарбасына бардым. Анда токой чарбасынын мурдагы директоруна: “Кайсы мыйзам боюнча жазып бердиң?” — десем, ал: “Мени кызматтан алып башка бирөөнү койсо дагы жаздыртып алышмак. Мага таарынбачы!”- деди. Буларды кысым менен документке кол койдуртуп алышкан экен. “КСДП” партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков биздин айылдагы элдин ынтымагын бузду. Ушунчалык акылы жок киши болобу? Кантип иштеп жүрөт? Ун сатып жүрсө эле болмок экен. Чыныбай жаштардын аркасына туруп алып, кылгылыкты кылып өзү ак бойдон калууда. Мурда абышка-кемпирлерди “дежурный” кылса, азыр болсо жаштарды “дежурный” кылып, алар болсо өз билгенин жасап жатат.
Эрлан Раимбеков “Кырчын” турбазасын талкалады
Жер боюнча сүйлөшөйүн деп, Чыныбайды такыр жолуктура албай койдум. Анткени ал чоң киши экен. Мен болсо кенедей адам экенмин. Бирок кылган ишим ал кишинин жасаганына караганда бир топ өйдө. Ата мурасын улантып, боз үй жасап аны сырттан келген конокторго көрсөтүп кыргыздын маданиятын дүйнөгө таанытып жатам.
Эрлан Раимбеков “Кырчын” турбазанын кароолчусу болгондон бери ал жерди талкалады. Мурдагы кароолчу Замир Савданбековдун үй-бүлөсүн кууп жиберип, өзү каалаган ишин жасап жатат. Ага Чыныбай Турсунбеков, акча береби же депутат кылам деп алдайбы, айтор Эрлан Раимбеков анын буйруктарын аткарат. Чыныбай Турсунбековдун айынан айылбыздагы балдардын пейили бузулду. Өз айылына барып жашабайбы. Жумуштан кетпейби? Кетпесе түз жүрбөйбү? Атамбаев кет демейинче, ал кетпейт.
P/S. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылы №634 токтомдун негизинде “Кырчын” турбазасына 11 гектар жер анын ичинде токой чарбасынын жерлери да чийилип берилип кеткен. “Кырчын” турбазасынын жолдун үстүндөгү курулуштар турган жердин аянты 7 гектар, ал эми жолдун астындагы талаш болуп жаткан 4 гектар жердин 80 сотых аянтына Жунушбай ТОКТОРБАЕВ жыл сайын боз үй тигип, келген конокторду тосуп иштечү.
Упел АНАРКУЛОВА, Айжаз САКИЕВА
Бишкек-Ысык-Көл району-Бишкек

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: